ТУУРА КЕСИП ТАНДОО — ӨЗ КОЛУҢДА!

  • 09.06.2023
  • 0

ТУУРА КЕСИП ТАНДОО - ӨЗ КОЛУҢДА!

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кочкор-Ата колледжинин тарыхы

Кочкор-Ата колледжи 1981-жылы СССРдин Электрондук өнөр жай министрлигинин №423 буйругу менен Кочкор-Ата электрондук приборлор техникуму болуп уюшулган. 1993-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн №197 буйругу менен Кочкор-Ата техникалык колледжи болуп түзүлүп, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин курамына кирген. 2008-жылдын декабрь айынан баштап Билим берүү жана илим министрлигинин №726/1 буйругу менен Кочкор-Ата колледжи болуп аты өзгөртүлгөн.

2021-жылы колледж өзүнүн 40 жылдык мааракесин белгиледи. Бүгүнкү күндө окуу жай Кыргызстандагы инновациялык жактан өнүгүп келе жаткан базалык колледждердин бири болуп саналат.

Окуу жай жөнүндө

Учурда окуу жайда жаштарга жаңы технологиялар менен билим алууга чоң мүмкүнчүлүк бар. Тренажёрдук зал, жол эрежелери боюнча окуу кааналары, заманбап үлгүдө жасалгаланган окуу кааналары, унаалардын бардык маркаларын оңдоп жана тейлөөдө, электрдик бөлүктөрүн аныктоодо толук билимге, тажрыйбага ээ болуу шарты дайын окуу жай.

Экономика жана бухгалтердик эсеп адистиги боюнча билим алуу менен эле чектелбей, жумушка орношуу жагы да сиздер үчүн колго алынган. Анткени КАК өз бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу үчүн иш берүүчү тараптар менен келишимдер боюнча иш алып барат. Колледжди ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик үлгүдөгү диплом алышат жана жогорку окуу жайынан окуусун 2-курстан улантууга мүмкүнчүлүк алат.

  • Жалпысынан беш лаборатория;
  • Электрондук китепкана;
  • Тестирлөө борборлору;
  • Устакана;
  • Студенттер үчүн ашкана;
  • Колледж боюнча акысыз Wi-Fi бар.

Окуу жай төмөнкү адистиктер боюнча

2022-2023-окуу жылына 9, 11-класстардын базасында абитуриенттерди  кабыл алат:

— 050709. Башталгыч класстарда окутуу (бюджет, контракт);

— 050704. Мектепке чейинки билим берүү (контракт);

— 130305. Мунай жана газ кендерин иштеп чыгуу жана эксплуатациялоо (бюджет, контракт);

— 130504. Мунай жана газ скважиналарын бургулоо (контракт);

— 240404. Мунай менен газды кайра иштетүү (контракт);

— 080110. Экономика жана бухгалтердик эсеп (контракт);

— 190503. Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (контракт);

— 190604. Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо (контракт);

— 220206. Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (бюджет, контракт).

Окуу мөөнөтү:

► 9-класстын базасында — 2 жыл 10 ай;

► 11-класстын базасында — 1 жыл 10 ай;

► Күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү бар

Керектүү документтер:

► Билими жөнүндөгү документ;

► Аттестат же билими жөнүндө күбөлүк;

► Мед. справка Ф-086-У;

► 3х4 өлчөмүндөгү 8 сүрөт;

► Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

► Аскердик билет же аскердик күбөлүк.

Кочкор-Ата колледжи сиздерди билим алууга чакырат!

Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, Транспорт көчөсү, 5

https://kak.edu.kg/  Эл. почта: [email protected]

0 (312) 32-51-20; 0(707)118-118

Бөлүшүү

Комментарийлер