ӨНӨР СЕРЕСИНДЕГИ ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮР
- 04.05.2020
- 0
Биздин бүгүнкү баян Кара-Көл шаарындагы балдар чыгармачылык үйүнүн “Токуу” ийриминин мугалими, Билим берүүнүн отличниги, ондогон грамоталардын, дипломдордун жана ошондой эле “Насаатчы”, “Мыкты инсан” төш белгилеринин ээси, энергетиктер шаарчасынын эң ардактуу эжейлеринин бири Токтокан Чокоева тууралуу болмокчу.
Токтокан Чокоева 1950-жылы 6-июнда Жалал-Абад облусунун Үч-Терек районунда кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Чокой Жүдөмүшев менен апасы Чачыке Токтоназарова экөө бирдей партиялык кызматтарда иштешкен. Чүрпөлөрү токтобой, зарыгып бала деп турган чакта төрөлгөн кызына Токтокан деп ат коюшкан экен.
“Актан көйнөк, ак жоолугун салынып,
Бир кудайдан перзент тилеп жалынып.
Энем менен тууган-туушкан баарысы,
Төрөлүпмүн турган кезде зарыгып” —
дейт эжей жарык дүйнөгө келгенин төрт сап ырга салып.
Токтокан эжей 1957-жылы Токтогул районундагы Т. Сатылганов атындагы орто мектептин 1- классына кирип окуй баштайт. Атасынын кызматына байланыштуу бир нече жолу мектеп алмаштырууга мажбур болот.
Атасына арнаган төмөнкү ырына орун берип, анан сөзүбүздү улантсак.
“Ардагым атакем”
Күнү-түнү уктабастан
Элдин жүгүн көтөргөн.
Туулган жери, эли үчүн
Бүт өмүрүн өтөгөн.
Эң биринчи совхоз болуп,
Уюшулган “Тельманга”
Жол салдырып, суу чыгарып,
Түн уйкусун төрт бөлгөн.
Ардагери эмгектин да,
Согуштун да Атакем
Эмгектенген эли үчүн,
Сиздей адам көрбөгөм.
Кыргыз ССР депутаты,
«Ак жүрөк» деп аталган,
Атакемди мен мактанып,
«Эл уулу» деп айта алам.
(2005-жыл, апрель, Ничке-Сай айылы).
1967- жылы ата-энесинин сыймыктуу кызы Үч-Терек совхозундагы М. Горький атындагы орто мектепти күмүш медаль менен аяктап, Фрунзедеги медициналык институттун даярдоо курсуна окууга өтөт. Бирок шартка байланыштуу 1968- жылы Фрунзе шаарындагы В.В. Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун орус тили жана адабияты адистигине тапшырып, 1973- жылы өзүнүн зиректигинен улам алдыңкы студенттердин катарында мугалимдик кесипке ээ болот.
Алгачкы эмгек жолун Токтогул районуна караштуу «Жетиген» айлындагы «Жетиген» орто мектебинен баштап, көп өтпөй жаш адис өзү окуткан окуучулардын сүйүктүү эжейине айланат.
Эмгек жолу ушундай ийгиликтер менен коштолгон жаш мугалимди турмуш жолу 1974- жылы Кара-Көл посёлогунун №12 Чолпонбай Түлөбердиев атындагы орто мектебине алып келди.
“Дарак бир жерден көгөрөт” демекчи, өз кесибин, өз окуучуларын өз жанындай сүйгөн мугалим жаштарга билим тарбия берем деп жүрүп, арадан 25 жыл 25 минутадай өтүп кеткенин байкабай да калат. Бул ортодо үч уул, эки кызды татыктуу тарбиялап, бай турмуш, жай турмушту өткөрүп, бейкапар жашап жаткан учурда, врачтардын жаңылыштыгынан эжейдин ден соолугу жабыркайт.
Өзүнүн айтуусунда, 1999-жылдын 5-июну турмуш тагдырын эки сызыкка бөлүп, «чейин» жана «кийин» деген оор саптарга алмаштырды.
Турмуштун оор сыноосунан сынбастан, уул-кызын жана бир туугандарын, элин-жерин ойлогон эжей өзүнө бекем сөз берип, белин бекем бууп, жолдошу Алтымыш акенин “Мокобо, сен уул-кызыңа жана мага керексиң!”, “Дос душмандын алдында башыңды бийик көтөр!” деген сөздөрүнөн кубат алып, турмуш агымын жаңы нукка буруп, өзү үчүн жашоонун жаңы барагын ачып, 2002-жылы Кара-Көл шаарындагы балдар чыгармачылык үйүнө “Токуу” ийрими боюнча мугалим болуп эмгектене баштайт.
Ошентип Токтокан эжей турмуш сыноосунда, өнөр сересинде сыналды, курчуду. Чыгармачылык дегендин чеги болбойт экен. Азыркы күндө эжей кыздарга жип, шуру менен токуунун далай сырларын үйрөтүп, билген өнөрүн жаштарга берип келе жатат.
Тарбиялануучулары кубанса, бирге кубанып, алар шыктанса, кошо шыктанып, башкалардан калбай, алдыңкы сапта эмгектенип келүүдө.
Учурдагы ааламды каптаган таажы оорусу элибизге бир топ түйшүк жаратты. Ушундай шартта да Токтокан эжей кол куушуруп олтуруп калбастан, жаштарды сабырдуулукка чакырып, заман талабына жараша аралыктан билим берип жатат.
— Эжей “ улгайдым, чарчадым-чаалыктым” дебестен, мезгил талабынан калбай, балдарга аралыктан сабак өтүп, видеосабак аркылуу ишин улантып, окуучуларына сүйүү, кызыгуу, шыктануу тартуулап, биринен- бири калышпаган эң мыкты сабактарды жаратып келүүдө, -дейт биздин каарман тууралуу Кара-Көл шаардык балдар чыгармачылык үйүнүн директору Гүлжан Бердимуратова.
Кара-Көлдун эң эмгекчил эжейи Токтокан Чокоева тууралуу сөзүмдү чыгармачыл мугалимдин төмөнкү ыр саптары менен аяктоону туура таптым.
Эч ким жокто ырдап берчү апакем,
Эң бир назик мукам үнүн чыгарып.
Узун чачын ороп жатып колума,
Арбалчумун бал уйкунун торуна.
А атакем эрте кетип кеч келчү,
“Эл кишиси” деп коюучу чоң энем.
Уйку аралаш үнүн уксам атамдын,
Күлүп коюп тынч уйкуга батчу элем.
Ата-энемдин басып кеткен изи менмин,
Айтылбаган акыл-сөзү, иши менмин.
Бүтүрбөй кеткендерин улантуучу,
Ата-энемдин калтырган мурасы мен.
А.Алибеков, “Кут Билим”
Комментарийлер