ТУРМУШ САБАКТАРЫ

  • 25.08.2021
  • 0

Москвада квартира кымбат үчүн, бир комнатасына өзүң жашасан, бир комнатасын сөзсүз бирөөгө бересиң. Мен көбүнчө эркек, бойдок балдарды алчумун. Жүгү аз болот, бир нерсе айтсан да угат. Кыздарды алсан, алты чемоданы менен келет. Байкуш балдар кечке иштеп келип, эптеп септеп курсагын тойгозот да, жуунса жуунду, жуунбаса ошол бойдон уйкуга кетишет. Айлыгын алып эле, квартиранын акысын төлөйт, өзүнө бир сом алып калбай үйүнө салган балдарды көрдүм. Эже акча берип турунчу тамак ашка дешип, кийинки айлыка чейин, кайра карыз болуп калышат. Айлык алдын го кана десен, апам тойго барат, анан кредит, палан түкүн. Өзү арзан батон алып келип, батонго майонез сыйпап жеп отурган болот. Ичкени доширак. Эмесе 30-40 мин айлык алат. Качан айлык алаарын билет үйүндөгүлөр, акчаны салгыча, эне жаныбар жүз жолу чалат. Салдынбы акчаны, банк жабылып калат, тез салагой, банктын эшигинде отурам деп. Акчаны салып келип, чалат баласы. Телефонго жооп жок, ватсапка жазса да жооп жок. Жанагы жүз жолу чалган энеден кабар жок. Жок дегенде, акчаны алдым деп койбойт. «Золотая корона» өзү жооп берет, апан акчаны алды деп. Түнкү сменден келген бала, анан уйкуга кетет. Апам акчаны алыптыр деп. Бардык энелер дегенден алысмын, бирок ушундай энелер бар экенине күбө болгонмун. Акчаны алып, кафеме кафе шапар тээп, бөлөк салак болуп бийлеп жүргөн ата энелер деле жок эмес. Айланайын ата-энелер, балдарыңарды аягылачы. Бөтөн эл, бөтөн жерде, эртели кечке эшек болуп иштесе, анан берет айлыкты орустар. Жумушта бригадиринен, жолдо менттерден, үйгө келсе хозьяинден коркуп, күн кечиришет. Балдарынар тапкан акчаны үнөмдүү пайдаланып, беш сомун жесенер, он сомун өзүнө сактап , топтоп бергилечи балдардын акчасын. Балдар биздин келечек, каарып аарыганда бага турган, жалгыз үмүтүбүз го. Жаштайынан отко чокко салып, ден соолугун жок кылып алсак, анын келечеги эмне болот?!…

Интернет булактарынан…

Бөлүшүү

Комментарийлер