ТУРИЗМ – КЕЛЕЧЕКТИН САБАГЫ
- 09.06.2023
- 0
Ноокат районунун БЧБ тарабынан уюштурулган “Туризм – келечектин сабагы” аттуу усулдук семинар Кара-Кой жайлоосунда өттү.
Маалыматка ылайык, «Ар бир сабактын маңызы табиятта жатат!” Ноокат РБЧБнун чыгармачыл мугалимдеринин мастер-класстары, тренингдери, практикалык усулдары менен келген коноктор таанышты.
— «Канаттуулар биздин досубуз» ачык сабагын «Авиофауна» ийриминин мугалими З. Сатыбалдыева өтсө, “Жашаган жерим даары чөптөргө бай” аттуу ачык сабакты “Бионика” ийриминин мугалими Ч.Калбаева, “Ким күчтүү?” деген сабакты “Жаратылыш жана фантазия” ийриминин мугалими Д.Рахманова өтүп, катышуучулардын кызыгуусун арттырышты. Андан соң “Табият сырлары жана алга жылуулар…” аттуу тегерек столдо — бүгүнкү туризм ийрим мугалимине коюлган жаңы интеграциялык талаптар…? Бүгүнкү туризм ийрим мугалиминин адистик өзгөчөлүк жактары… ? Туризм ийриминдеги таалим-тарбия, улуттук нарк-насил, каада-салт, үрп-адат, өзгөчө өнөрлөр… “Жаңы туризм” ийриминин жаңы формасы, же жаңы долбоорлорго сунуштар… деген темаларда баарлашуу болду. Анда ар бир катышуучу өз сунуштарын айтып, кыскача комментарийлерди беришти, — дейт Эркин Эргешов.
Мындан сырткары “Ийримдик технология” боюнча практикалык менеджмент көрсөтүлдү, ошондой эле “Туризм ийримдерин уюштуруудагы айрым кемчилдиктер жана аларды жоюнун жолдору, тажрыйбалар” деген темада усулдук доклад угулду.
Семинардын катышуучулары “Улуттук оюн — туризм элементи…” темасында жаа атуу өнөрү боюнча мастер-класска катышып, ар бири жаа атып көрүштү.
Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга чакан концерт тартууланды.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер