ТИРЕК ЭЛЕҢ БААРЫБЫЗГА, ТОПЧУКЕ

  • 01.12.2023
  • 0

ТИРЕК ЭЛЕҢ БААРЫБЫЗГА, ТОПЧУКЕ

Акпай калды деңиз болчу мөл булак,

Жанбай калды өчпөй турган шам чырак” — демекчи,

Топчубек Тургуналиев 2023-жылдын 15-ноябрында дүйнө салды.

1941-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган.

Философия илимдеринин кандидаты, окумуштуу Топчубек Тургуналиев 1990-жылдардын башында демократиялык кырдаалдардын пайда болушу менен жарандык позициясын билдирип, кыргыз коомчулугуна кеңири таанылган.

1965-жылы Москва мамлекеттик маданият институтун, 1975-жылы СССРдин Коомдук илимдер академиясынын аспирантурасын аяктап, философия илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.

Эмгек жолун Солногорск шаарында мугалим болуп баштаган. 1964-1991-жылдары В.В. Маяковский атындагы Кыргыз аялдар педагогикалык институтунда жана СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштеген.

1966-1972-жылдары М.Абдраев атындагы атайын музыкалык орто мектебинин жетекчиси болуп иштеген. 1969-1972-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин сектор башчысы кызматын ээлеген.

1994-жылы Бишкек гуманитардык университетинин ректору болуп дайындалган. 2010-2011-жылдары Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон.

2012-2019-жылдары Топчубек Тургуналиев «Манас» эпосун жайылтууга салым кошкон адамдардын бири болгон.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Манас таануу институтунун директору, 2019-2021-жылдары «Манас» жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти болуп иштеген.

2010-жылдан тартып М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы менен тыгыз байланышта иш алып барышты. Манас таануу институтун жетектөө менен бирге көптөгөн конференция, конкурстарды, студенттик илимий иш-чараларды алып барууда жаш муундар үчүн зор кызмат өтөдү.

Топчубек Тургуналиевдин эмгектери эл аралык уюмдар жана мамлекет тарабынан жогору бааланган. 2001-жылы Эл аралык укуктук уюм тарабынан ага «адам укуктарын коргоочу» наамы ыйгарылган. Ал эми 2011-жылы Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик сыйлыгы — «Манас» ордени менен сыйланган.

Топчубек Тургуналиев окумуштуу катары 60ка жакын илимий жана публицистикалык эмгектерин жарыялаган.

Топчубек Тургуналиев кыргыз коомунда орду бар инсан. Коомдук-саясий ишмер, педагог жана окумуштуу катары ал маданият, тарых жана билим берүү тармактарына өзгөчө салым кошкон.

Өнөрдөн учкан жебе элең, Топчуке,

Өмүрү бүтпөс кеп элең, Топчуке.

Тоо болуп турган ак калпак элге,

Тирек элең баарыбызга, Топчуке.

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин жалпы эмгек жамааты
Топчубек Тургуналиевдин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер