ЦИРККЕ ЖАҢЫ ДИРЕКТОР ДАЙЫНДАЛДЫ
- 13.10.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы дайындалган директору Нурлан Конокбаевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы мекеменин учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады.
Садыр Жапаров 2023-жылы Мамлекеттик циркке өзү барып, аны капиталдык реконструкциялоону тапшырганын эске салды. Мамлекеттик колдоонун аркасында циркти жаңылоого, өнөрпоздордун чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө жана балдар менен чоңдордун сапаттуу маданий эс алуусун уюштурууга шарттар түзүлгөн. Ошол эле учурда Президент көрүлгөн чараларга карабастан, узакка созулган ички пикир келишпестиктер мекеменин толук кандуу иштешине тоскоолдук кылганын баса белгиледи.
Мамлекет башчысы цирк ички чыр-чатактардын эмес, чыгармачылыктын, артисттердин кесиптик өнүгүүсүнүн жана үй-бүлөлүк эс алуунун борбору болууга тийиш экенин белгиледи. Ушуга байланыштуу мекемеге сырттан жетекчи тартуу чечими кабыл алынып, цирктин директору кызматына Казакстандын жараны, Кыргызстандын кулуну, Кыргыз улуттук консерваториясынын режиссёр-хореограф адистиги боюнча бүтүрүүчүсү жана эл аралык кесиптик тажрыйбага ээ Нурлан Конокбаев дайындалды.
Жолугушуу соңунда Президент Садыр Жапаров жаңы жетекчиге кыска мөөнөттө жамаатта жагымдуу атмосфераны калыбына келтирүүнү, эмгек тартибин чыңдоону жана цирктин натыйжалуу ишин жолго коюуну тапшырды. Ошондой эле чет өлкөлүк цирк топторун тартууга жана жанрлардын, өнөр көрсөтүүлөрдүн түрдүүлүгүн камсыз кылуу аркылуу цирк программасын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруу милдети коюлду.
А.К., «КБ»