ТОСОРЛУК ОКУМУШТУУ-ПЕДАГОГ БАСКАН ЖОЛ

  • 29.06.2023
  • 0

ТОСОРЛУК ОКУМУШТУУ-ПЕДАГОГ БАСКАН ЖОЛ

Төмөндөгү макаланы Темир абабыз 80 жашка чыккан мааракесинде белгилүү тарыхчы, профессор Өскөн Осмонов агай жазган экен. Тилекке каршы, жакында ардактуу айылдашыбыз, биз түзгөн “Тосор коому” коомдук бирикмесинин жигердүү катышуучусу, нарктуу насаатчысы, айылыбыздан чыккан алгачкы, белгилүү окумуштуу педагог Темир Эсенгелдиев аксакалыбыздан ажырап калдык. Абабыз бу жалганда 87 жыл жашады.  Жашынан жетим калып, жөлөп-таяры жок болсо да бардык эле адамдардын колунан келбей турган турмуштук ийгиликтерди жана бийиктиктерди багынтканы менен бизге үлгү. Ал кишинин баскан жолун  Өскөн агай жазгандан артык кайталап жазыш да кыйын. Ошондуктан ардактуу Темир абабыздын үй-бүлөсүнө кайрат айтабыз. Кадырлуу карыябыздын Улуу Жараткан жаткан жерин жайлуу, топурагын торко кылып, жанын жаннатта берсе экен деп дуба кылгандан башка не дейбиз… Кош аба, биз турганда жана жалпы эле сиз билим-тарбия берген миңдеген шакирттериңиз барда сиз эч качан унутулбайсыз! Эмесе, көзүңүз тирүү кезинде сизди кубанта сөз кылган макаланы элибизге сунуш кылып турган чагыбыз.

Кыргыз улуттук агрардык университетинин ардактуу профессору Эсенгелдиев Темир 1937-жылы 5-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында туулган деген паспортундагы көрсөткүчтөр болжолдуу экен. Андагы жылы, айы, күнү ойдон алынып жазылыптыр. Ага жөндүү себептер болуптур. Бала кышында тоо башындагы конушта жылкычынын боз үйүндө төрөлүп, ата-энеси айылга түшүп келип сельсоветке каттатпаптыр. Ошону менен мектеп жашына жетип калганда мектеп директору тоодогу малчыларды атчан кыдырып жүрүп, баланы көрүп калып, мектепке алып келген экен.

— Ошондо мен там үйдү жана бийик өскөн тал-теректерди биринчи көргөм. Көл жээгиндеги айылдын абасы мага ысык болуп, там үйдүн, мектептин ичинде чыдап отура албай, демигип, улам сыртка чыгып турчумун. Бир жумадан кийин эле окуй албайт экенмин деп көнгөн тоомо (25 чакырым аралыкка) жылаңайлак эле (ага да көнгөм) качып кетип калгам.  Бир айдан кийин кайра алып келишкен, -деп эскерет ал.

Орто мектепти бүтүп, паспорт алып жатканда жогорку даталарды өзү болжолдоп жаздырат. Ага чейин аларды олуттуу себептерден улам билүүгө мүмкүн болбогон. Бала айылда 3-класста окуп жатканда тоодогу энеси, көп өтпөй атасы кайтыш болуп, алардан туулгандыгы жөнүндө маалыматтарды тактап сураганга үлгүрбөй калган. Бирок чоң энеси Карачачтын “Сен кыш кычырап, чоң кар түшкөн барс жылы төрөлгөнсүң” деп айтканын көп жолу уккан.

1956-жылы жогорку билим алуу максаты менен Фрунзеге келип, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде жаңы ачылган журналистика бөлүмүнө өтөт. Көл жээгиндеги абага араң көнгөн тоолук окуучу, студент болгондо Чүйдүн абасына, пахта тергенге барганда Жалал-Абаддын абасына, дың жерди өздөштүргөнү барганда Караганда облусунун абасына көнүп, университетти бүтүп, республикалык мекемеде иштеп, шаардын абасына биротоло көнөт.

Тоодо туулуп-өскөн чымыр уул да чыйрак болуп, окуу жайын жогорку баалар менен бүтүрүп, адегенде телерадио комитетте иштеп, андан кийин өзүн окуткан белгилүү философ Асанбек Табалдиевдин аспиранты болуп, илим изилдөөгө өтөт. Аны менен бирге улуттук университетте, искусттво институтунда окутуучулук милдетти да аткарат. 1984-жылы философия илиминин кандидаты окумуштуулук даражага, 1992-жылы кафедранын доценти, 2007-жылы кафедранын профессору, 2008-жылы КУАУнун ардактуу профессору наамдарына ээ болот.

Темир Эсенгелдиев 1991 -2013-жылдарда Кыргыз улуттук агрардык университетинин Тарых жана философия кафедрасында эмгектенди. Мурдагы эки жогорку окуу жайларын кошкондо окутуучулук-педагогикалык эмгек стажы 43 жылдан ашат. Бир убакыттын ичинде бардыгы 12 түрдүү социалдык, гуманитардык илимдерди эки тилде (кыргызча, орусча) окутууга жетишкен универсал окутуучу болуп калды. Ал илимий предметтердин ичинде философия менен катар тарых, саясат таануу, укук таануу, социология, этика, эстетика, илимий коммунизм, илимий атеизм жана башкалар бар.

Аталган илимдер менен байланышкан жүздөн ашык илимий, окуу методикалык, публицистикалык макалалар жана беш китепче жазып чыгарган. Бир катар энциклопедиялык китептерге авторлош болду. Алар: 2006-2015-жылдарда чыгарылган сегиз томдук “Кыргызстан: улуттук энциклопедиясы”. Мунун жети томуна 22 автордук жана 26 автордук аты көрсөтүлбөгөн макалалары кирген. Ушундай эле 2003-жылы чыккан “Кыргыз тарыхы: энциклопедиясына”, 2004-жылы чыккан “философия: энциклопедиялык окуу куралы” китептерине да 25 макаласы кошулган.

Жогоруда аталган ЖОЖдордо окуткан бардык предметтер боюнча пландарды, программаларды, иштелмелерди түзүүгө да авторлош болуп катышкан. Алардын ичинде жеке өзү иштеп чыккан жаңы, атайын  курстар да бар. Алар көбүнчө Кыргыз улуттук агрардык университетке тиешелүү. Айрымдарынын аталыштары төмөнкүдөй: “Кыргызстандын закондорунун негиздери”, “Рыноктун укуктук негиздери”, “Токой чарбасынын укуктук негиздери” ж.б.

Профессор кезегинде бир топ Республикалык, Союздук илимий-теориялык-практикалык конференцияларга катышып, сүйлөгөн сөздөрү жыйнактарга, журналдарга басылган. Мисалы, союзга кеңири белгилүү “Вопросы философии” журналында (1981-ж. №12) анын сүйлөгөн сөзүнө кыскача мүнөздөмө берилген.

Педагогикалык -окуу-методикалык ишмердиктеринде негизги орунду модулдук-рейтингдик системаны жана болондук системаны колдонуу ыкмалары ээлейт. Буларды ишке ашырууда анын окутуучулук жөндөмдүүлүгү жана чеберчилиги камтылган көп жылдык тажрыйбасы маанилүү роль ойнойт. Мында анын өзү окутуп жаткан предметтерди баш-оту менен берилип, өздөштүрүп көнгөнү жана аларды студенттерге түшүндүрүүнүн жеткиликтүү жолдорун колдонгону маанилүү. Эффективдүү иш аракеттеринин негизинде калыптынган рух дүйнөсү, милдеттүүлүк, жоопкерчилик түшүнүктөрү менен айкалышкан максаттуулугу, эмгекчилдиги, талапкөйлүгү жатат.

Машыккан педагог үчүн окутуу менен тарбиялоо  медалдын эки жагындай бөлүнбөс бир процесс болуп калган. Ал студенттерге сабак берүү менен катар педагогикалык этиканы да бекем тутуп, андан улам айрым студенттерден да таасирленет. Ушундан улам ардагер агартуучу студенттердин бардык иш-аракетине, турмуш-тиричилик шарттарына да өзгөчө көңүл бурат. Кайсы убак, кандай шарт болсо да, аларга ыкластык, этияттык менен мамиле кылып, ар кандай деңгээлде кобурашууга жол табат. Билим, илим жана башка маселелер, суроолор, көйгөйлөр боюнча эркин аңгемешүүлөр, пикирлешүүлөр, маанилүү окуялар жөнүндө маалымат алышуулар болот. Ал эми студенттердин туура эмес жүрүм-турумун же ишин көрүп калса, ошол замат чара көрүп, тартипке салат. Мындайда фактыга жараша адилеттик, калыстык, адептүүлүк талаптарга тыянат.

Ишмер педагогдун көп колдонуп жүргөн негизги методу ар бир студенттин семестр ичиндеги эмгегин үч факторго бөлүп карайт. Алар: сабакты өздөштүрүүсү, сабакка катышуусу, тартиби (дисциплинасы). Булар боюнча топтогон баллдарын (упайларын), башка шартуу көрсөткүчтөрүн бириктирип, комплекстүү, приоритеттүү негиздеп, автоматтык түрдө экзамендик бааларын чыгарат. Өздөрүнө тиешелүү бааларды жогорулатууну каалаган студенттер кошумча экзамен беришет. Мындай метод студенттерге абдан жагат.

Университеттин абройлуу окутуучусу көп жылдан бери ар кандай коомдук, уюштуруу, башкаруу иштерине да активдүү катышып келет. Куратор, кафедра башчысынын орун басары, кеңешчиси, институттун окумуштуулар кеңешинин мүчөсү, директордун кеңешчиси, университетке караштуу айыл чарба техникумдарында мамлекеттик экзамен комиссиясынын төрагасы, КУАУнун конкурстук комиссиясынын мүчөсү ж.б. Ал өзү иштеген кафедрада да иштермандыгы менен коллективдин урмат-сыйына ээ болгон таалимдүү аксакал. Көптү билген инсан бардык учурда адамгерчилигин сактоо менен, карысы бардын ырысы бар дегендей, өзүнө улуулук каада күтүп, илгерки Бакай бабадай айкын, туура, калыс, насил сөздөрүн улуу-кичүүгө дилинен айтып, сыр бөлүшүп келет.

Темир Эсенгелдиев бир катар жогорку адистикке ээ болгон адам катары республиканын ар кандай коомдук-саясий турмушунда да иштиктүү катышат. Айрыкча шайлоо, референдум компанияларын калтырбайт. Анын коомдук иштеринен бир мисал: 1989-жылы Жети-Өгүз райондук эки тилде чыгып жаткан газеталардын аттарын өзгөртүү боюнча ошол газеталарда дискуссия уюштуруп, алардын жаңы ат алуусуна жетишкен.

Ардагер агартуучунун эмгеги жогоруда белгиленген профессордук наамдардан башка дагы “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” наамы, “Ветеран труда” медалы, СССР Телерадио комитетинин Ардак грамотасы, КР билим берүү министрлиги менен ЛКСМ БКнын Ардак диплому, Казакстан КП БКнын алкышы, жергиликтүү администрациялардын грамоталары, сыйлыктары, алкыштары бар. Темир Эсенгелдиев агабыздын  үй-бүлөлүк турмушу да мөмөлүү дарактай. Жубайы Салика Калкешова да педагог, профессор. Экөөнүн үч кыз, бир уулу, үч күйөө баласы, он алты небереси бар.

P.S. Аттиң, Темир агайдын артында тоодой эмгеги, бай түп дарактай үй-бүлөсү калды. Кантсе да, эл эмгектен эскерери анык болсо сиздин атыңыз өчпөй, жаркын элесиңиз жакындарыңыздын жанында сактала берери анык эмеспи.

Тыныбек ЖУКЕШОВ, “Тосор коому”  коомдук бирикмесинин жетекчиси

ТОСОРЛУК ОКУМУШТУУ-ПЕДАГОГ БАСКАН ЖОЛ

Бөлүшүү

Комментарийлер