ТОО КОЙНУНДА ТООДОЙ  БИЛИМ БАР

  • 30.03.2022
  • 0

2022-жылдын 18-март күнү Кочкор районундагы Көкөбай Мамбеталиев атындагы орто мектебинде «Тоо койнунда тоодой билим бар» деген темада өткөн облустук семинар Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун иш планына ылайык өткөрүлдү.

ТОО КОЙНУНДА ТООДОЙ  БИЛИМ БАР

Облустук семинарга Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун директору Мамытов Касымбек, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы акимдин орун басары Табалдиева Чынара, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыгулов Турсунбек,  ошондой эле райондогу  мектептердин  директорлору катышты.

ТОО КОЙНУНДА ТООДОЙ  БИЛИМ БАР

— Мектептин директору Элвира Султанова мектеп жөнүндө кыскача айтып өттү. Бул тажрыйба алмашуу, мыкты тажрыйбаларды облус ичинде жайылтуу үчүн түзүлгөн семинарда ачык сабактар өтүлдү жана мектеп менен таанышуу болду. Информатика, орус  тили, англис тили, кыргыз адабияты, башталгыч класс боюнча сабактар өтүлүп, жакшы ой-пикирлер айтылды. Семинардын катышуучулары мектепте уюшулган «Зоология» музейинде, ошондой эле жаңы уюшулуп жаткан спорт залында  болушту. Семинардын жүрүшү боюнча облустук усулдук билим берүү борборунун директору К.Мамытов, Кочкор райондук мамлекеттик администрация башчысы акимдин орун басары Ч.Табалдиева, Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн  Насыбалы уулу Канимет, мектеп директорлору жакшы пикирлерин, куттуктоолорун айтышты, — дейт Дайырбек Айдарбеков.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер