ТОЛКУН ЖЕТКИНБЕКОВА – АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН СЫЙМЫГЫ

  • 11.06.2018
  • 0

Ат-Башы районуна караштуу, Ача-Кайынды айылындагы Ой-Терскен орто мектебинин    11-“б” классынын окуучусу Толкун Жеткинбекова “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болду. Толкундун атасынын кесиби зоотехник, учурда жеке ишкер,  апасы мугалим болуп иштейт. Беш бир туугандын төртүнчүсү.

Толкундун биринчи мугалими Гүлүмкан Турганбаеванын айтымында, ал  1-класстан тартып, бардык сабактарын “5” деген баага окуп, ар тараптан таланттуу болуп өстү. 2- класста  Ж. Шералив атындагы музыкалык мектепке кирип, беш жыл окуп, комуз классын бүтүрдү. Ушул мезгилдерден баштап чыгармачылык дүйнөгө аралашып, ыр жазып баштаган.  5-класстан баштап предметтик олимпиадаларга катышып, республикалык деңгээлдеги орундарды камсыз кылган. Толкун англис тилине кызыгып, 5-класстан бери ар кандай курстардан окуп, учурда бул тилде эркин сүйлөйт. Тилди жакшы билген үчүн ал 2017-жылы жайкы каникул мезгилинде, Америкалык элчилик тарабынан өткөрүлгөн сынакка катышкан. Бул сынакта англис тилинде үч темада эссе жазып, Америкада билим алуунун жолдору боюнча бекер окууга жана жети күндүк лагерге эс алууга жолдомо алып, сертификат менен сыйланган.  Ошондой эле ал 2018-жылы Америкалык элчилик тарабынан өткөрүлгөн  “American song contest 2018”  сынагына катышып, райондук жана облустук турларында 2-орунду алып, финалдык турунда  сертификат жана кызыктырылуучу сыйлыкка ээ болгонун айтып коюу парз.

  • Толкун АКМО – математикалык республикалык олимпиадага катышып, райондо, облуста 1-2-орундарды камсыз кылып, республикада кызыктыруучу сыйлыкты алган. “Ат-Башым” фонду тарабынан өткөрүлгөн, 6-7-класстар арасындагы беш предметтик олимпиадада (математика, кыргыз тил, орус тил, биология, тарых) эки жыл катары менен 1-орунду камсыз кылган. 2015-2016- окуу жылында 9-классты “кызыл күбөлүк” менен аяктаган. 2016-2017-окуу жылында математика сабагы боюнча олимпиадада райондон 1-орунду, облустан 3-орунга ээ болгон. Мындан сырткары ал “Жаш таланттар — 2014” кароо-сынагында “Дастан айтуу”  номинациясы боюнча райондон 1-орунду, облустан дагы 1-орунду, республикадан 2-орунду ээлеген. Ушул эле учурда “Сармерден” долбооруна жолдомо алып, 19-айлампасына катышкан.  “Жоокер ыры — 2015” кароо-сынагында райондук турунда 2-орунду камсыз кылган. Ж.Шералиевдин 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн сынакта, облуста 3-орунду ээлеген. “ООН Женщины” уюму тарабынан уюштурулган проектинин негизинде, “Менин бейпил мектебим” темасынын алкагында тең насаатчылык кылып, жыл ичинде окуучуларга семинар-сабак өтүп, ийгиликтерге жетишкен. Натыйжада,  “Алтын сертификатка” ээ болуп, Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо алып, Бишкек шаарындагы “Оксфорд” мектебинен англис тили боюнча акысыз билим алган, — дейт сыймыктануу менен анын мугалими.

Толкун убактысын туура пайдаланып, ар бир каникул мезгилдеринде Бишкек шаарындагы  “SECOM” билим берүү борборунан жана жеке курстардан билим алып, “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына жана ЖРТга даярданып келди. Талыкпай окугандыгынын натыйжасында ушундай ийгиликтерге жетишти. Мындан сырткары ал коомдук иштерге да активдүү катышып, мектепте үлгүлүү жүрүш-турушу жана окуудагы жетишкендиктери менен мектептин сыймыгы болгонун айтсак ашыкча болбостур.

Акыркы коңгуроо салтанатында Толкун Жеткинбекова үлгүлүү окуучу, мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктап, коомдук иштерге активдүү катышып келгендиги үчүн  Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын,  Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн, Ача-Кайынды айыл өкмөтүнүн Ардак грамоталарына татыды. Ошондой Ой-Терскен орто мектебинин грамотасы жана жеке ишкер Б.Жаныбековдун 5000 сом “Бакыбай” сыйлыгы менен сыйланды.

  • Толкун мектепти кызыл аттестат менен бүтүргөңдүгүнө байланыштуу мамлекеттик экзаменден бошотулуп, ЖРТдан жакшы балл алууну тилек кылууда. Келечекте И.Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясына тапшырып, кийин билимин чет өлкөлөрдө уланткысы келет жана кыргыз элине кызмат кылган мыкты дарыгер болуу максаты бар, — дейт анын биринчи мугалими.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер