ТОКТОГУЛ, ТАШ-КӨМҮР ЖАНА МОСКВА РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БАШЧЫЛАРЫНА СӨГҮШ БЕРИЛДИ

  • 03.02.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Чүй облусунун Москва (Насирдин Тезекбаев), Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук (Дамира Сулпукарова) жана Таш-Көмүр шаардык (Тагайбек Шабданов) билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине сөгүш берилди.

Атайын комиссия билим берүү мекемелерин текшерген учурда бул жетекчилер башчылыгындагы уюмдарда ишмердүүлүктү башкаруу системасы эффективдүү камсыздалбай, өнүктүрүүгө багытталган максаты, милдети жана аны ишке ашыруу жолдору коюлбай, билим берүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышында мыйзам бузууларга жол берилген.

Белгилей кетсек, өткөн аптада Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков бир нече райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларын кабыл алып, ар бир жетекчиге так милдеттерди койгон. Министр мындан ары жетекчилер менен бат-баттан жолугуп, аткарыла турган жана аткарылып жаткан жумуштарды талкуулап, жаңы демилгелер боюнча пикир алышып турмакчы.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер