ТОКТОБҮБҮ АШЫМБАЕВА ОШ ОБЛУСУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 27.04.2023
  • 0

Бүгүн, 27-апрелде билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Ош облусунун облустук, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен жолугушту.

ТОКТОБҮБҮ АШЫМБАЕВА ОШ ОБЛУСУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Токтобүбү Ашымбаева окуу жылы аяктап калганына байланыштуу алдыда маанилүү иш-чаралар турганын белгилеп, ЖРТ, PISA жана мамлекеттик экзамендерге даярдыкты күчөтүүнү тапшырды.

“Азыр биз маалымат тездик менен жаңыланган, бүгүнкү укканыбыз эртең актуалдуулугун жоготкон заманда жашап жатабыз. Билим сапатын жакшыртуу менен бирге көзөмөлдү күчөтүүнү да суранып кетебиз. Анткени “Z” муунундагы балдар биз мурда ээ болгон маалыматтарга жаңыча көз караш менен кароого, 21-кылымдын талаптарына ылайык мамиле жасоого мажбур кылууда. Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук да күч алууда. Биз Ички иштер министрлиги менен биргеликте жер-жерлерде мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди алып баруудабыз. Биз менен тыгыз байланышта болуп, ар бир маалыматты ыкчам түрдө министрлик менен талкуулап турасыздар деген ишеничтемин”,- деди министрдин орун басары.

Ашымбаева андан сырткары билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин 4 багытта 2 күндүк окутуудан өткөрүлүүсү өзүнүн мыкты жемишин берерине ишеним артарын айтып, жетекчилердин жеңил эмес жоопкерчиликтүү ишмердүүлүгүнө ийгилик калаады.

Бөлүшүү

Комментарийлер