ТОКТОБҮБҮ АШЫМБАЕВА НЬЮ-ЙОРКТО САНАРИПТИК АЖЫРЫМДЫН ЧЕЧИЛИШИ ЖӨНҮНДӨ БАЯНДАМА ЖАСАДЫ

  • 09.03.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү максаттарына умтуларын Аялдардын абалы боюнча комиссиянын 67-отурумунда билдирди.

ТОКТОБҮБҮ АШЫМБАЕВА НЬЮ-ЙОРКТО САНАРИПТИК АЖЫРЫМДЫН ЧЕЧИЛИШИ ЖӨНҮНДӨ БАЯНДАМА ЖАСАДЫ

Министрдин орун басары COVID пандемиясы экономикалык өсүштү басаңдатканын, анын натыйжасында гендердик санариптик ажырымды чечүү үчүн кошумча каржылоо булактарына муктаждык пайда болгондугун белгиледи.

 “Эгерде өлкөлөр санариптик тоскоолдуктарды жоюу максатында өнүгүү программаларын каржылоонун жаңы жолу катары карыздарды билим берүү милдеттенмелери (кызматтары) менен реструктуризациялоону колдосо…”.

Аялдардын абалы боюнча комиссиянын быйылкы сессиясы 6-марттан 17-мартка чейин Нью-Йоркто “Санариптик доордо инновациялар, технологиялар жана билим берүү – Гендердик теӊдүүлүккө жетүү үчүн бардык аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү” урааны астында өтүп жатат.

ТОКТОБҮБҮ АШЫМБАЕВА НЬЮ-ЙОРКТО САНАРИПТИК АЖЫРЫМДЫН ЧЕЧИЛИШИ ЖӨНҮНДӨ БАЯНДАМА ЖАСАДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер