ТОКМОК АГРО-ӨНӨР ЖАЙ КОЛЛЕДЖИНИН КИТЕПКАНАСЫНДА 87 МИҢДЕН АШУУН КИТЕП БАР

  • 16.10.2020
  • 0

К.И. Скрябин атындагы КУАУнун Токмок агро-өнөр жай колледжи 1938-жылы “Айыл чарбаны мехнизациялоо” техникуму катары түзүлгөн. Азыркы учурда колледжде 30дан ашуун атайын кабинеттер жана лабораториялар жабдылган. Окуу жайынын китепканасында 87 минден ашуун окуу китептери, окуу куралдары жана көркөм адабияттар бар.

Аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен окутууну уюштуруу үчүн К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Токмок агро-өнөр жай колледжинде Moodle платформасы түзүлгөн http://217.29.19.78/tak/, ошондой эле материалдар YouTube каналына жайгаштырылат: https://studio.youtube.com/channel/UCwF0wxyQRka0DByJy91b0zg/videos/upload?filter=%5B%5D&sort=%7B%22columnType%22%3A%22date%22%2C%22sortOrder%22%3A%22DESCENDING%22%7D

Жетишүүчүлүктү учурда көзөмөлдөө WhatsApp, Moodle, Zoom, аркылуу ишке ашырылат, ал эми өзгөчө учурларда студент окутуучудан колледждин өзүндө түздөн-түз жеке консультация ала алат.

Окуу иштери боюнча директордун орун басары академиялык жоокперчиликке күн сайын мониторинг жүргүзөт. Сабактардын ырааттамасы колледжин сайтында жайгаштырылган www.tak.on.kg http://www.tak.on.kg/index.php/uchebnyj-protsess/raspisanie. Колледждин бардык онлайн иш-чаралары колледждин сайтында жайгаштырылат www.tak.on.kg, Facebookта https://www.facebook.com/www.tak.on.kg/, Instagram www.tokmok_agro_college. Колледж окуу китептерин санарип форматка өткөрүү жана аларды өзүнүн сайтына жайгаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Ар бир бешинчи бүтүрүүчү колледждин сунуштамасы менен адистиги боюнча ишке орношот.

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында колледждин базасында сегиз Алдыңкы тажрыйба борборлорунун бири түзүлүүдө, ал регионалдык эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык орто кесиптик деңгээлдеги адистерди даярдоого багытталган.

Артыкчылыктуу адистиктер болуп төмөнкүлөр аныкталган:

  • Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу;
  • Электр жана электромеханикалык жабдууларды техникалык эксплуатациялоо жана тейлөө (тармактар боюнча);
  • Транспорттук электр жабдууларын жана машиналарды эксплуатациялоо (транспорттун түрлөрү боюнча, сууда жүрүүчүдөн тышкары).

 

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер