ТОГУЗ-ТОРОДО ЗАМАНБАП КЕСИПТЕР ОКУТУЛАТ   

  • 15.08.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Иманалиев Каныбек 4-август 2023-жылы иш сапары менен Тогуз-Торо районунун билим берүү уюмдарынын 2023-2024-жаңы окуу жылына даярдыгы менен таанышты.

Райондогу №45 Кесиптик лицейдин иш тажрыйбасы, материалдык базасы менен таанышып бир катар аткарылуучу иштерди лицей жетекчисине тапшырды.

-№45 лицейге көңүл бөлүп жатканыбыздын себеби, жакында Тогуз-Торо району тогуз жолдун тоомундагы логистиканын борбору болот. Бул жерге темир жол салынып, Түндүк-Түштүк жолу өтөт. Казарман ГЭСи курулса, демек ага орто кесиптеги электрослесарь, электромонтёрлорду, ошого керектүү куруучуларды, 2-3 жылдан кийин буюрса, бул жакка темир жөнөтүлүп калса, ошого жараша адистиктерди даярдоо керек. Ошол себептен лицей даярдап жаткан адистиктердин багытын, өндүрүштүк базаны, мугалимдерди, программаны заман талабына ылайык өзгөртүүгө кам көрүшүбүз керек, —  деди министр, Каныбек Иманалиев.

Андан соң министр быйыл салынып бүтө турган 100 мектептин тизмесине кирген Чет-Булак айылындагы М.Абдыжапаров атындагы орто мектептин курулуш иштерин жеринде көрдү. Каныбек Капашевич жаңы окуу жылында окуучулар жаңы имараттан билим ала баштай тургандыгын айтып, аларды заманбап окуу куралдары менен камсыздоо жана курулуш иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.

-Министрдин келиши биз үчүн абдан жакшы жаңылык болду. Өзгөчө жакындан таанышып, мугалимдердин ал-акыбалын сурап, сыйлык берүү буга чейин болгон эмес. Жөнөкөйлүгү, туура багыт берип, шыктандырганы, ийгиликтерди каалаганы – адамгерчилиги бийик адам экенинен кабар берет. Мектебибиздин курулушуна жакшы баа берип, компьютер алууга сертификат тапшырды. Буюрса сентябрга чейин фойе, кабинеттерибиздин ички жасалгалары бүтүп, илинип ачылышына даяр болуп калабыз, -дейт мектеп директору Жылдыз Орозова.

-Элеттик мугалимдерди колдоп, түшүнүү менен мамиле кылганы, кеңештерин бергени бизди мээримге бөлөгөндөй сезилип, маанайды көтөрдү. Жаңы курулуп жаткан мектептин курулушу бүткөнү калды, бирок жаңы окуу жылына жетишпей калабыз. Ал эми эски мектебибиздин эки корпусун көрүп, сөөгү, таза жакшы мектеп экен деп, билим сапатыбыз, ЖРТ, “Алтын тамга” боюнча жетишкендиктерибизди көрүп, дагы көп ийгиликтерди жаратууну тапшырды, — дейт Максаткүл Кожошова, Бейше атындагы орто мектептин директору.

Ошондой эле министр ар бир мектеп, бала бакчанын жетекчилигин заманга жараша изденүү менен иштөөгө чакырып, жаңыча ыкмалар менен окуучуларды STEM билим берүүгө физика, химия, математика, информатика, чет тили сыяктуу илимдерге болгон кызыгуусун арттыруу керектигин белгиледи. Мугалимдердин коомдогу орду, кадыр-баркын жогорулатуу боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Мектеп директорлорун менеджменттик иштерди алып баруу, окуу усулдарын жакшыртуу, инновациялык технологияларды пайдалануу менен сабак өтүү, Эл аралык PISA программасына жана Билим улуттук программасына даярдануу, жалпы республикалык тестке даярдануу (ЖРТ), мектепке инвестиция тартуу үчүн долбоорду жазуу жаатында маалыматтарды берип, бийик көрсөткүчтөрдү берүү менен билим сапатын жакшыртууга чакырды.ТОГУЗ-ТОРОДО ЗАМАНБАП КЕСИПТЕР ОКУТУЛАТ    Райондун алдыңкылары болгон №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектеби, №2 Асан Абдраимов мектеби жана Бейше Үрстөнбеков атындагы мектептерине “Ыраазычылык кат” тапшырды жана Макмал, Жаңыбаева, Аскалы мектептерине компьютер менен камсыз болууга сертификаттар, ошондой эле айрым алдыңкы мугалимдерге “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин жана Билим берүүнүн Ардак грамотасын тапшырды.

А.Асаналиева “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер