«ТОГУЗ КОРГООЛ» ЖАРЫШЫ

  • 10.02.2023
  • 0

10-февралда спорттун улуттук түрү «Тогуз коргоол» оюну боюнча Аксы районундагы Т. Үмөталиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин биринчилиги болуп өттү.

"ТОГУЗ КОРГООЛ" ЖАРЫШЫ

Оюндун жыйынтыгында Рысбеков Бекзат 1-орунга, Акматбеков Нурхан 2-орунга, Сагынбекова Алымкан 3-орунга ээ болду.
Бул мектептен 12 окуучу Аксы районунун биринчилигине катышууга жолдомо алышты. Окуучулардын «Тогуз коргоол» оюнун мыкты өздөштүрүүсүндө ийрим жетекчиси Жоробекова Айгеримдин эмгеги зор. Буюрса, бул окуучулар областтык, республикалык мелдештерде да активдүү катышып, ийгиликтерди жаратат деген ишеничтебиз.

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер