ТОГУЗ КОРГООЛ ОЮНУ БОЮНЧА ТУРНИР ӨТТҮ

  • 07.02.2023
  • 0

Чүй облусунун Панфилов районундагы №3 Кайыңды орто мектебинде тогуз коргоол улуттук оюну боюнча райондук мелдеш болуп өттү.

ТОГУЗ КОРГООЛ ОЮНУ БОЮНЧА ТУРНИР ӨТТҮ

Аталган турнир өсүп келаткан жаш муундарды дене тарбия жана спорт көнүгүүлөрүнө үзгүлтүксүз машыктыруу, улуттук оюндарды, анын ичинде тогуз коргоолду окуучулар арасында мындан ары да кененирээк жайылтуу, жаш спортчулардын спорттук көндүмдөрүн өркүндөтүү жана ошондой эле райондун тогуз коргоол оюну боюнча командасын облустук, республикалык деңгээлге даярдоо максатын көздөдү.

Турнирге райондун 4-классынан 11-классына чейинки окуучу кыздар жана балдар тартылып, баардыгы болуп 16 бала жана 14 кыз катышты.

Оюндун жыйынтыгында балдар арасында биринчи орун Мамур Курбановго, экинчи орун Али Ишенбековго ыйгарылса, кыздар арасында биринчи орунду Ровное орто мектебинин окуучусу Айпери Ишенбекова, экинчи орунду К.Ибраималиев атындагы мектептин окуучусу Аида Мирланова ээледи.

Жеңүүчүлөр медаль жана атайын дипломдор менен сыйланышты.

ТОГУЗ КОРГООЛ ОЮНУ БОЮНЧА ТУРНИР ӨТТҮ

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер