ТОҢ РАЙОНУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАН СЕГИЗ АДАМ КАЗА БОЛДУ

  • 14.08.2023
  • 0

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Audi жана BMW үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, сегиз адам каза болду. Дагы алты киши жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу «Кабар» агенттиги Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматына таянып жазды.

Маалыматка караганда,  окуя 12нен 13-августка караган түнү катталган.

«Окуя болгон жерге жол инспекторлору барып, каттоого алышкан. Учурда бул боюнча тергөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен толук маалымат берилет», — деп кошумчалашты ЖККБББдан.

Каза болгондор Нарын облусунун, Балыкчы шаарынын жана Тоң районундагы Көк-Мойнок айылынын жашоочулары болгон.

Бөлүшүү

Комментарийлер