Тоң районунда 30га жакын турак үйдүн короо-жайларын сел суулары каптады
- 28.08.2023
- 0
27-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Мойнок-1 айылында катуу жааган жаандын кесепетинен, 30га жакын турак үйдүн короо-жайларын, жертөлөлөрүн жана ички жолдорду сеп каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 28-август күнү тазалоо иштерин жүргүзүүгө башкармалыктын полковник Р. Адульманов жетектеген 3 адамдан турган топ, Балыкчы шаарынан 17, Тоң районунан 6, Ысык-Көл районунан 2 куткаруучу тартылды.
Мындан сырткары аныктоо иштерин аткарууга ӨКМге караштуу Мониторинг жүргүзүү жана тазалоо иштерине көзөмөлдөө департаментинен 4 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 42 адам чыкты.
Ошондой эле оор жумуштарды аткарууга ӨКМден 6, жергиликтүү бийликтен 2 техника тартылды.
Бөлүшүү
Комментарийлер