ТОҢ РАЙОНУНДАГЫ МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР ЖАНА ОКУУЧУЛАР

  • 01.05.2019
  • 0

Тоң районунда 22-24-апрель күндөрү “Жыл мугалими-2019” сынагы болуп өттү. 22 мугалимден тандалып  финалга чыккан 10 мугалимдин ичинен төрт мугалим жеңүүчү болду.

ТОҢ РАЙОНУНДАГЫ МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР ЖАНА ОКУУЧУЛАР

ТОҢ РАЙОНУНДАГЫ МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР ЖАНА ОКУУЧУЛАР

ТОҢ РАЙОНУНДАГЫ МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР ЖАНА ОКУУЧУЛАР

Сынактын шарттары боюнча биринчи күнү мугалимдер предметтик жана педагогика, психологиялык тестти онлайн түрүндө тапшырышты. Экинчи күнү катышуучулар 20 минуталык сабак өтүштү.

1-2 тапшырмаларда  өздөрүнүн кесиптик, алдыңкы чыгармачылык жөндөмүн көрсөткөн төрт мугалим байгелүү орунга ээ болду.

Мугалимдер сынагынан мурда 18-19-26 апрель күндөрү “Жылдын мыкты окуучусу- 2019” кароо-сынагы болгон. Сынакка жалпысынан 25 окуучу катышып “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата өздөрүнүн долбоорлорун жактап жана предметтер боюнча “Акыл Ордо” интеллектуалдык таймаштан өтүштү.

ТОҢ РАЙОНУНДАГЫ МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР ЖАНА ОКУУЧУЛАР

ТОҢ РАЙОНУНДАГЫ МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР ЖАНА ОКУУЧУЛАР

 

Бөлүшүү

Комментарийлер