ТИЛИБИЗ БАШКА, ДИЛИБИЗ БИР

  • 24.02.2023
  • 0

ТИЛИБИЗ БАШКА, ДИЛИБИЗ БИР

Эл аралык эне тил күнүнө карата К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында «Тилибиз башка, дилибиз бир» деген адабий-музыкалык кече болду.

Бул кечеге Улуттук жазуучулар союзунан өкүлдөрү, «Актал» адабий чыгармачыл тобунан, И. Раззаковдун ысмын алып жүргөн КМТУнун «Арт-Мурас» драма студиясы, Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун студенттери, «Сейтек» улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунун «Кыргыз көчү» комузчулар ансамбли жана борбор шаардагы бир катар мектептердин окуучулары катышты.

Кеченин катышуучулары китеп көргөзмө, слайд, видео баяндар менен таанышып, чыгармачыл жаштардын, балдардын өнөрүн көрүштү.

Сүрөттө: «Кыргыз көчү» ансамблинин жаш комузчулары (фото топтун жетекчиси Мастура Бердибекова дан алынды).

Жолдош ТУРДУБАЕВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер