ТИЛГЕ ДИЛГИР МАМИЛЕ

  • 23.09.2021
  • 0

Жакында Билим берүү жана илим министрлиги педагогикалык кызматкерлер жана жетекчилер үчүн “Сапаттуу билим берүү жана руханий адеп-ахлактык тарбия-өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи” темасындагы конференцияны уюштурду. Жалпы отурумдан соң максаттык 10 аудиторияда устат сабактар өткөрүлдү.

Жогорку билим берүү багыты боюнча топтун ишине катышкан министрдин орун басары Айнура АБДРАЕВА азыркы тапта мамлекеттик тил жана көп тилдүүлүк маселесине кеңири токтолуп өттү. Айрыкча ааламдашуу доорунда англис тилди үйрөтүү жана аны сапаттуу окутуунун зарылдыгын айтып, жогорку окуу жайлардын бул маселеге көңүл буруусун өтүндү.

Ал мамлекеттик тилибиз болгон кыргыз тилине астейдил жана жоопкерчиликтүү мамиле жасоо зарылдыгына да токтолду. Жаштарды кыргыз тилин кадырлоого үндөө багытында кыска метраждуу видеороликтерди жаратуу, видеосурамжылоолорду жүргүзүү сунушун киргизип, коомдогу тилдин ордун баса белгилеп өттү.
Өз кабарчы.

Бөлүшүү

Комментарийлер