ТИЛ ЖАНА МАДАНИЯТ ИНСТИТУТУ БЕШ ЖАШТА

  • 04.05.2023
  • 0

Институттун беш жылдык мааракесинин алкагында окуу жайдын колледжинин ачык эшик күнү, кесиптик лицейлер жана бош орундар жарманкеси уюштурулду. Ага КР Президентинин Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагулов, Шопоков шаарынын мэри Адылбек Бекболотов жана вице-мэр Чынара Токтогулова катышты.

ТИЛ ЖАНА МАДАНИЯТ ИНСТИТУТУ БЕШ ЖАШТА

Канат Жумагулов институттун жалпы жамаатын  юбилейлик мааракеси менен куттуктап, чет тилдердин этностор аралык баарлашуу тили катары ролун белгилеп, анын бүгүнкү күндө мамлекеттердин ортосундагы эффективдүү байланыш болуп берерин баса белгиледи.

ТИЛ ЖАНА МАДАНИЯТ ИНСТИТУТУ БЕШ ЖАШТА

Вице-мэр өз сөзүндө аз убакыт аралыгында институттун педагогикалык курамы квалификациясын жогорулатып, сертификаттарга ээ болуу менен бирге, 2020-жылдын жыйынтыгында республикадагы алдыңкы он жогорку окуу жайдын катарына киргендигин сыймыктануу менен айтып, студенттер эл аралык деңгээлдеги сынактарда байгелүү орундарды багындыргандыгын, өздүк газетасын ачууга жетишкендигин чоң жетишкендик катары баалады. Ошол эле кезде студенттер үчүн заманбап спорткомплекс, китепкана ачып берген жетекчиликтин камкордугу колдоого аларлык кадам экендигин кошумчалады.

ТИЛ ЖАНА МАДАНИЯТ ИНСТИТУТУ БЕШ ЖАШТА

 

Окуу жайдын ректору, профессор Лю Бёнг Илдин айтымында, институт чет тилдерин үйрөнүү жаатында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо талашсыз лидер болуу менен өзүнүн асыл миссиясын аткарып келет. Бүгүнкү күндө KИЯK Корея Республикасы менен студенттерди алмашуу үчүн кеңири платформаны камсыз кылат.

ТИЛ ЖАНА МАДАНИЯТ ИНСТИТУТУ БЕШ ЖАШТА

Андан сырткары, институт бардык окуучулар, студенттер жана башка каалоочулар үчүн акысыз корей тили курсун сунуштайт. Курс онлайн  жана офлайн форматта өткөрүлөт. Ошондой эле студенттер үчүн вокал, К-pop бийи, таэквондо, Нанто барабан ийримдери да бар. Окуу жайда бир гана Чүй облусунун студенттери эле эмес, өлкөнүн алыскы аймактарынан да келип, кызыгып окушат.

ТИЛ ЖАНА МАДАНИЯТ ИНСТИТУТУ БЕШ ЖАШТА

Иш-чара студенттердин концерттик программасы менен коштолуп, Мексикадан келген волонтёрлор TOTALFIT спорт клубунун өзгөчө номерлерин көрсөтүштү.

Айгерим ТОКТОБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер