“ТИЛ ЖАНА АЙТМАТОВ” ҮЧ АЙЛЫГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ САЛТАНАТЫ

  • 04.12.2018
  • 0

2018-жылдын 5-декабрында  Кыргыз-Түрк Манас университетинин базасында Бишкек шаарынын мэриясыныны билим берүү башкармалыгы“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 29 жылдыгын, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жарыялаган “Тил жана Айтматов” үч айлыгын жыйынтыктоочу “Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз” атуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.

Максаты: Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 29 жылдыгын, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөдөгү иш планга ылайык өткөрүлгөн кароо-сынактардын, эң мыкты иш-чаралардын жыйынтыгын чыгаруу менен  мамлекеттик тилдин конституциялык даражасын бекемдөө, рухий дөөлөттөрдү, маданий-тарыхый мурастарды, залкар жазуучу, улут сыймыгы Ч.Айтматовдун  чыгармаларын кеңири даңазалоо;

Салтанаттуу аземге Бишкек шаарынын мэри А.Э.Суракматов, Бишкек шаардык кеңешинин жетекчиси Абиров Жаныбек , Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.И.Ишекеев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен, Улуттук Илимдер Академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору академик А.Акматалиев, Ч.Айтматовдун карындашы Роза Айтматова, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук билим берүү борборлорунун директорлору, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору  чакырылды.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер