ТИЛ ЖАНА АДАБИЯТ ИНСТИТУТУНДА “РУХ” ТЕЛЕСТУДИЯСЫ АЧЫЛДЫ

  • 27.05.2022
  • 0

Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда “Рух” телестудиясы ачылды.

ТИЛ ЖАНА АДАБИЯТ ИНСТИТУТУНДА “РУХ” ТЕЛЕСТУДИЯСЫ АЧЫЛДЫИш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Бөрүбашев Бекбосун, акын, драматург Асан Жакшылыков, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жетекчилиги, белгилүү окумуштуулар, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, адабиятчылар, ММК өкүлдөрү жана институттун жалпы кызматкерлери катышты.

Бул телестудия институттагы иш-чараларды, конференцияларды, жолугушууларды видеотасмага тартып, монтаждап, “Рух TV” ютуб каналы аркылуу чагылдырып турат. Институттун фото, видео, аудио архивин түзүү, видеолекциялардын топтомун даярдоо, окумуштуулар менен маектешүүлөр, интервьюлар,  көркөм окуулар уюштурулат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер