ТИЛ ЖАНА АДАБИЯТ ИНСТИТУТУНА 90 ЖЫЛ
- 28.06.2018
- 0
26-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун 90 жылдыгы белгиленди.
Иш-чарада КР Жогорку Кеңешинин, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын, КР Өкмөтүнүн алдындагы интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин, КРнын Профсоюз уюмунун куттуктоолору айтылып, андан соң институттун окумуштууларына сыйлыктар тапшырылды.
КР УИАнын президенти, академик Мурат Джуматаев Тил институтунун түзүлгөн күнүнөн бүгүнкү күнгө чейин тил жана адабият жаатындагы көрүнүктүү эмгектерин, илимпоздорду белгилеп: “Институттун бүгүнкү жамааты ушундай бай тарыхты калтырган улуу муундун эмгегин баалап, мындан ары да ушул калыптан жазбай, институттун өнүгүшүнө салым кошот деген ишенимдемин”, — деген оюн айтты.
Академик Абдылдажан Акматалиев институттун бир кылымга тете убакытта кыргыз мамлекетинин калыптанышына, өсүп-өнүгүшүнө, илимий кадрлардын даярдалышына, жаштарды адеп-ахлакка тарбиялоодо, эл аралык мамиледе чоң кызмат өтөп келе жатканын белгиледи.
“90 жыл аралыгында институт басып өткөн жол учуруна жараша татаал, кыйын ошону менен бирге байсалдуу болду. Бирок ташыркаган жок. Бүгүнкү күнү да ошол эле жолун жаңы көз караштар менен улантууда. Келечекте да бул салт улана берет”, — дейт А.Акматалиев.
Иш-чара “Филологиянын актуалдуу проблемалары: кыргыз фольклор таануу, тил жана адабият таануу илиминин өнүгүшүндөгү академиялык илимдин тарыхый орду” деген эл аралык илимий-практикалык конференция менен коштолуп, институт тарабынан 90 жыл аралыгында жарык көргөн эмгектердин көргөзмөсү уюштурулду.
Комментарийлер