Тил талаптарына жооп бербеген «Bellagio Coffee» кафесинин жарнамалык бастырмалары алынды

  • 01.11.2023
  • 0

Тил талаптарына жооп бербеген «Bellagio Coffee» кафесинин жарнамалык бастырмалары алынды

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаевдин жана тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда Манас проспектисинде мыйзамсыз орнотулган объектилер демонтаждалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өз билемдик менен орнотулган жана тил талаптарына жооп бербеген «Bellagio Coffee» кафесинин жарнамалык бастырмалары алынган.

Ошондой эле мыйзамсыз орнотулган шлагбаум жана башка жарнак объектилери демонтаждалды.

Бөлүшүү

Комментарийлер