ТИЛ МАЙРАМЫНА АРНАЛДЫ

  • 23.09.2022
  • 0

22-сентябрда А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата «Тилим менен улукмун, тилим менен улутмун» аттуу адабий кече болуп өттү.

Адабий кечеге Свердлов районуна караштуу №94 жалпы орто билим берүү мектебинин 6- «Г», 6 «З» класстарынын окуучулары катышып, эне тилдин зор маанисин даңазалаган кыргыз акындарынын ырларынан көркөм айтып беришти. Тил майрамына мыкты даярдык менен келишкен окуучулар мактоо баракчалары менен сыйланды.

ТИЛ МАЙРАМЫНА АРНАЛДЫ

Адабий кеченин соңунда окуучулар китепкана менен да таанышты. Мекенчил балдар-кыздардын мугалимдери Хайдаров Курманбек менен Жолдошбек уулу Адилетке да китепкананын атынан мактоо баракчалары тапшырылды.

ТИЛ МАЙРАМЫНА АРНАЛДЫ
Маалымат үчүн айта кетсек, Дордой конушундагы №94 жалпы билим берүүчү орто мектеп борборубуздагы А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана менен тыгыз кызматташтыкта иштеп, иш-чараларды чогуу-чаран өткөрүп келет.

А. АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер