ТИЛ МАЙРАМЫНА АРНАЛГАН СПОРТТУК МЕЛДЕШ
- 26.09.2019
- 0
23-сентябрда Кыргыз улуттук университетинде кыргыз тилинин мамлекеттик тил статус алынгандыгынын 30 жылдыгына карата кичи-футбол жана ордо оюндары боюнча мелдеш болуп өттү.
Футбол оюндарына окутуучулардан түзүлгөн беш, ордо боюнча мелдешке студенттик жети команда катышып, күч сынашышты. Жыйынтыгында футбол мелдешинде 1-орунду физика жана электроника факультети менен математика жана информатика факультетинин курама командасы жеңип алса, ордо боюнча оюнда 1-орунду социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин студенттери жеңип алышты.
Бөлүшүү
Комментарийлер