ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 23.03.2021
  • 0

Өткөн жумада Билим берүү жана илим министрлигинде Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн республикалык сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Ага билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, министрдин орун басары Надира Джусупбекова, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын талдоо бөлүмүнүн башчысы Альфира Супатаева, КРнын эл артисти, доцент, Т.Абдымомунов атындагы КУАДТнын алдындагы Театралдык окуу жайынын мугалими Турганбүбү Бообекова ж.б. катышты.

Иш-чарада алгач манасчы Нурбек Талантбеков Манастан үзүндү айтып, актриса Альбина Имашова Умай Эне катары аластоо жөрөлгөсүн кылды.

Министр Алмазбек Бейшеналиев пандемиядан улам бир топ иш-чаралардын сыйлоо аземи убактылуу артка жылдырылып, саат-мүнөтү эми чыгып жатканын билдирип, жеңүүчүлөрдү жеңиши менен куттуктады.

ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Орто кесиптик окуу жайлары арасында уюштурулган “Келгиле, кыргыз тилин даңктайбыз” республикалык онлайн кароо-сынагында биринчи орунга
Бекзатов Кайрат, экинчи орунга Матыбаев Темирбек, үчүнчү орунга – Кубатбеков Сыймык татыктуу болушту. Ал эми мектеп мугалимдеринин арасындагы кыргыз тили сабагы боюнча “Мыкты видеосабак – 2020” республикалык сынагында биринчи орун эч кимге ыйгарылган жок, экинчи орунга №38 мектебинен Назгүл Ибраимова ээ болсо, үчүнчү орунду Ош шаарындагы №52 мектептин мугалими Ильгиз Шамырзаев алды.

Мындан сырткары, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлеринин арасында өткөрүлгөн сынакта биринчи орун Артурбек
Тургунбаевге, экинчи орун Бактыгүл Акуловага, үчүнчү орун – Нурзида Касымовага ыйгарылды.

ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Республикалык кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү компьютер, принтер, сканер, ксерокөчүрмө, уюлдук телефон жана адабий китептер менен сыйланышты.

Иш-чаранын негизги максаты – кыргыз тилинде сабаттуу жана сапаттуу жазуу, эркин ой-жүгүртүү жана жаштар арасында китеп окуу маданиятын калыптандыруу жана алардын кызыгуусун арттыруу болуп саналат.

Нурзат Казыбекова,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер