ТИЛ АНГЛИЯГА ЖЕТКИРЕТ
- 07.02.2022
- 0
2021-2022-окуу жылына карата АКШ, Италия, Россия мамлекеттеринин биргелешип уюштурган «Бүткүл Дүйнөлүк англис тили — 2021 TraveLCLass» онлайн олимпиадасына Кочкор районундагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинен 10-класстын окуучусу Жумабекова Малика катышып, 3-орунду камсыздады.
Маалыматка таянсак, Бүткүл Дүйнөлүк олимпиадага 3000ден ашуун окуучу катышып, алдыңкы он байгелүү орундарды такташкан. 3000дөн ашуун окуучунун ичинен Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Жумабекова Малика 3- орунду ээлеп, диплом, сертификат менен сыйланды.
Ошондой эле Англия мамлекетинин англис тили боюнча беш айлык курсунан колледжден окуу үчүн бекер жолдомо алды. Ал эми 8-класстын окуучулары Бакасова Бегимай менен Туткабаева Эркайым 7-орунду камсыз кылышып, беш ай бекер онлайн курсунан окууга мүмкүнчүлүк алышты. Дүйнөлүк олимпиадага катышып, байгелүү орундарды ээлеген окуучуларга мектеп тарабынан сыйлыктар берилди. Аталган окуучуларды олимпиадага I-категориядагы англис тили мугалими Акунова Айжан Акматбековна даярдаган.

Акунова Айжан Акматбековна
Ушул эле олимпиадага мугалимдер дагы катышкан. Анда англис тили мугалими Айжан Акунова өзү дагы катышып, Oxford Teachers’ Academy / ОТА (Оксфорд англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу) академиясына сертификат утуп алган.
Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер