ТИКА УЮМУ «ЖАЙЛОО ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУНА» КОЛДОО КӨРСӨТТҮ

  • 21.06.2018
  • 0

Түрк Республикасынын премьер-министринин аппаратынын алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча түрк башкармалыгы (ТИКА, Бишкек офиси) “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун “Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна” оюнчуктарды жана кеңсе буюмдарын сатып алууда  үчүнчү жыл катары менен колдоо көрсөттү.  Быйылкы жылы аталган уюм   1 163 800 сом суммасында колдоо көрсөттү. Бул каражатка бүткүл республика боюнча 50 “Жайлоо өнүгүү борборлору” оюнчуктар жана кеңсе  буюмдар менен камсыз кылынат.

ТИКА  УЮМУ «ЖАЙЛОО ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУНА» КОЛДОО КӨРСӨТТҮ

“Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун пресс-катчысы Топчугүл Шайдуллаеванын берген маалыматына таянсак, расмий тапшыруу 2018-жылдын 18-июнунда Экономика министрлигинин имаратында болуп өттү. Иш-чарага ТИКАнын Кыргызстандагы Бишкек офисинин координатору Али Муслу, анын жардамчылары Фатих Абди Четин,  Санжар Алтымышев жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Кендирбаева Догдургүл, «Жайлоо онүгүү борборлору» долбоорунун координатору Сагынтай уулу Арстанбек жана башкалар катышты.

ТИКА  УЮМУ «ЖАЙЛОО ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУНА» КОЛДОО КӨРСӨТТҮ

  • 2018-жылы июндан тартып августка чейин 100 чекитте “Жайлоодогу өнүктүрүү борбору”  ачылат. Алар  жетүүгө кыйын болгон тоолуу райондордо, көздүн жоосун алган жайлоолордо  ачылып, иштейт. Ал жактарга малчылардын үч жаштан 14 жашка чейинки балдары барат. Бул балдар үчүн атайын окутуу программасы иштелип чыккан. Борборлордо тарбиячылардан тышкары сүрөтчүлөр, шахматчылар, илимпоздор, инженерлер, машыктыруучулар, белгилүү инсандар, көркөм өнөрдүн чеберлери, чет өлкөлүк волонтерлор болот жана алардын баарысы балдарга ар түрдүү мастер-класстарды көрсөтөт, ошондой эле балдарды ар кыл жөндөмдөргө үйрөтөт. Мындан тышкары, ата-энелер, малчылар үчүн балдарды туура тарбиялоо, өспүрүмдөр психологиясы, баланы тарбиялоодо атанын ролу,  үй-бүлөлүк бюджет жана башкалар жөнүндө тренингдер өткөрүлөт, — дейт пресс-катчы.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы балдарды жана ата-энелерди экологиялык тарбиялоого басым жасалат.

“Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун” ачылышы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун демилгеси жана жетекчилиги менен Жайыт департаменти, жогорку окуу жайлар, Балдардын чыгармачылык борборлору, райондук билим берүү бөлүмдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылат.  “Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору” модели шаардык балдардын, малчылардын балдарынын жана туристтердин, меймандардын башын кошкон аянтча болуп саналат.

ТИКА  УЮМУ «ЖАЙЛОО ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУНА» КОЛДОО КӨРСӨТТҮ

Маалымат үчүн:

Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору – бул кайталангыс инновациялык долбоор, анын негизги максаты калктын аялуу категориясынын – айылдык балдардын жана малчылардын балдарынын билимге бирдей жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Белгилеп кетүү керек, 2017-жылы «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоору «Event Awards Central Asia» сыйлыгынын алкагында «Борбордук Азиядагы мыкты билим берүү иш-чарасы» катары (Бишкек шаары) 1-орунду жана КМШнын жана алыскы чет өлкөлөрдүн ичинен 94 лауреаттын арасында «Global Event Awards» сыйлыгынын «Балдардын мыкты иш-чарасы» категориясында (Москва шаары) 2-орунду ээлеп, эл аралык таанууга арзыды.

Долбоордун 2014-2017-жылдардагы иши жөнүндө отчет жана видеофильм биздин www.roza.kg сайтында жеткиликтүү.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер