ТИГҮҮЧҮЛӨРГӨ ҮЙ ТИБИНДЕГИ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ АЧУУ БОЮНЧА МААЛЫМАТТАР БЕРИЛДИ

  • 31.05.2023
  • 0

2023-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Айнура Үсөнбекованын жетекчилиги астында үй тибиндеги балдар бакчаларын ачуу аркылуу жеңил өнөр жай тармагындагы жумушчулардын жетишсиздигин чечүү маселеси бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен талкууланды.

ТИГҮҮЧҮЛӨРГӨ ҮЙ ТИБИНДЕГИ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ АЧУУ БОЮНЧА МААЛЫМАТТАР БЕРИЛДИ

Жолугушууга жарандык коом,  «Өкмөттүк акселераторлор» программасын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү жана женил өнөр жай тармагынын  өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө тигүүчүлөр  мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу, «Өкмөттук акселераторлор»  пилоттук долбоорун Бишкек шаарында Ленин жана Биринчи май райондорунда  ишке ашыруу тууралуу кеңири маалымат берилди.

Белгилесек, өлкө боюнча кыска мөөнөттүү окуудан өтүү боюнча жалпысынан 700 аялдан арыз түшкөн, учурда 200 аял окуудан өтүп, сертификаттарга ээ болууда.

Учурда үй тибиндеги бала-бакчалардын иштешине негиз берүүчү тийиштүү ченемдик-укуктук актылар толугу менен иштелип чыгып, жеңилдетилген шартта  ишкердик  жүргүзүүгө  шарттар каралган. Бул долбоор 17-мартта старт алып, Министирлер  Кабинетинин көзөмөлүндө 100 күндүк  аралыкта ишке ашырылуучу пилоттук долбоор.

Бөлүшүү

Комментарийлер