ТЕСТИРЛӨӨ УЛАНУУДА
- 20.10.2023
- 0
Кесиптик лицейлердин директорлук кызматына тестирлөө уланууда. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
20-октябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн кезектеги тестке 16 талапкер катышты.
Тестте төрт багыт: Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, башкаруу менеджменти, психология-педагогика жана адистиги боюнча суроолор камтылган.
Башталгыч жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчиси кызматына талапкерлерди тестирлөөнү Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору уюштурууда.
“Билим берүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери сынактын негизинде дайындалат.
Эскерте кетсек, 17-октябрда өткөн алгачкы тестирлөөнүн жыйынтыгында беш талапкер тестти ийгиликтүү тапшырганы маалым.
А.К.,
“Кут Билим”
Комментарийлер