Телефон шылуундарынан сак болгула!

  • 30.05.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп жетекчилерин аларга телефон чалып алдап маалымат алган шылуундардан сак болууга чакырууда.

Мектеп директорлоруна телефон чалып, алдап ар кандай маалыматты сураган шылуундар чыгууда.  Мисалы, бир мектептин директоруна телефон чалган адам өзүн Билим берүү министрлигинде иштей турганын айтып, мектепке оргтехника бөлүнүп жатат деп алдап, ар кандай маалыматтарды сурап алууда.

Мындай шылуундар кандай максатты көздөп жатканы так белгилүү эмес, бирок ал мектептеги окуучулар менен мугалимдердин жеке маалыматтарына, статистикалык же бухгалтериялык маалыматтарга ээ болуп, аны өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдоно турганы шексиз. Анын кесепети ар кандай болушу мүмкүн.

Ошондуктан мектеп директорлору дагы санарип жана медиа жагынан сабаттуу болуп,  өзүнүн райондогу жана министрликтеги кураторлоруна байланышып,  аларга телефон чалган шылуундун ким экенин текшерип тактап алганы оң.

Албетте, телефон шылуундары тууралуу маалыматты коопсуздук органдары дагы өзүнүн көзөмөлүнө алып, иликтөө жүргүзмөкчү.(КЧ)

Бөлүшүү

Комментарийлер