ТЕХНИКАЛЫК ОЮНДАН ТЕХНИКАЛЫК БИЛИМГЕ
- 20.02.2020
- 0
Кыргыз Билим берүү академиясы «Алтын түйүн» республикалык балдардын инженердик-техникалык академиясы менен биргеликте «2020-жыл ‒ Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына» жана Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата «Окуучулардын илимий-техникалык чыгармачылыгы боюнча мыкты билим берүү программасына» конкурс жарыялайт.
Конкурс 2020-жылдын 1-февралынан 1-майына чейинки аралыкта өтөт.
Конкурска бардык мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары катыша алышат.
Конкурска катышуу үчүн 2020-жылдын 15-апрелине чейин окуу программаларды [email protected] дарегине «Техникалык чыгармачылыктын мыкты билим берүү программасы конкурсуна» деп жазуу жана автордун дарегин, аты-жөнүн, e-mail ин так көрсөтүү менен жөнөтүү зарыл.
Конкурстун жобосу менен Кыргыз билим берүү академиясынын жана «Алтын түйүн» балдардын инженердик-техникалык академиясы сайттарынан тааныша аласыздар.
Комментарийлер