ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР ЖЕТКИРИЛДИ

  • 06.02.2023
  • 0

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 14 мектеп 294 компьютер, 84 проектор, 14 3в1 принтер жана компьютердик жабдыктар менен жабдылды. Бул  КРнын билим берүү жана илим министрлигинин “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында ишке ашты.

ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР ЖЕТКИРИЛДИ

Ак-Талаа районундагы Э.Мейманов, И.Молдобаев, Б.Календеров, Н.Жыргалбекова, М.Базаркулов, М. Балбаков, С.Жусупбаев, Э.Карасартов, Ш.Бейшеналиев, М.Баетов, Ж.Сатылганов, С.Атамбеков, Байымбет, А.Турдакунов атындагы орто мектептерге 21 даана компьютер жана ар бирине принтер менен алты даана проектор жеткирилди.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев райондун мектептеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого карата жасаган эмгеги үчүн “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун координаторлоруна, билим берүү жана илим министри Улан Мамбетакуновго ыраазычылык билдирүү менен бирге, аталган техникалык жабдыктар окуучулардын билим сапатынын жогорулашына, PISA эл аралык сынагына даярдоого жана электрондук китепкана уюштурууга зор салым кошорун белгиледи.

А.КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер