ТЕХНИКАЛЫК ЧЫГАРМАЧЫЛЫК БОЮНЧА МЫКТЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫНЫН АВТОРЛОРУ АНЫКТАЛДЫ

  • 30.06.2020
  • 0

Жеңиштин 75 жылдыгына арналган «Окуучулардын илимий-техникалык чыгармачылыгы боюнча мыкты билим берүү программасы» республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрү онлайн сыйланды.

Сынакка 70тен ашуун окуу программасы сунушталып, аларга эксперттик баа берилди жана жеңишке жеткен программаларды Кыргызстандын жалпы билим берүү мекемелерине киргизүүгө сунуштоо чечим кабыл алынды.

Уюштуруучулар педагогдордун мыкты даярдыгын, кызыктуу программалардын көптүгүн, мындай ишти жаңы окуу жылында дагы улантуу керектигин белгилешти. Жеңүүчүлөргө дипломдор менен эстелик белектери тапшырылат.

 Жеңүүчүлөр:

Гран-принин ээси —  Иманбеков Туратбек Шаршенбекович (Ысык-Көл областы, М. Мамакееват МГ, «Инфомир» билим берүү программасы, диплом+ноутбук);ТЕХНИКАЛЫК ЧЫГАРМАЧЫЛЫК БОЮНЧА МЫКТЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫНЫН АВТОРЛОРУ АНЫКТАЛДЫI орун — Нарматалиев Мирлан Давлаталыевич («Мээрим» БББ, Ош ш., «Робототехника» билим берүү программасы, диплом+планшет);

II орун – Фурсова Валентина Александровна, Знаменская Анастасия Сергеевна, Знаменская Наталья Александровна (№24 МГ Бишкек ш., «Техникалык долбоорлооТехническое проектирование» билим берүү программасы, диплом+смартфон);

III орун — Мухаметова Руфина Хатибовна (Баткен областы, №1 ОМ,  Кызыл-Кыя ш., «Жаш ойлоп табуучуЮный изобретатель» билим берүү программасы, диплом + Ч.Айтматовдун 10 томдугу).

Грамота жана кызыктыруучу байгелер менен сыйлангандар:

  • Темирбеков Нуркул Сагынбекович (Талас областы, Султаналы уулу Кушубакат. ОМ, «Кулибин» билим берүү программасы);
  • Умаров Тахир Худайбердиевич (Жалал-Абад областы, БББ, «Баштапкы техникалык чыгармачылык Начальное техническое творчество» билим берүү программасы);
  • Турдалиева Рыскуль (Нарынобласты, БББ, «Техникага алгачкы кадам» билим берүү программасы).

Башкы байге (ноутбук) «Ыйык Ата-Журт» Коомдук жаштар фондунун директору Эргешов Акынбек Камчыбековичтин демөөрчүлүгү менен алынган.

Иш-чара «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы жана Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан уюштурулду.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер