ТЕАТР — ПАТРИОТТУУЛУККА ТАРБИЯЛАЙТ

  • 06.02.2023
  • 0

ТЕАТР - ПАТРИОТТУУЛУККА ТАРБИЯЛАЙТ

Чүй районунун жана Токмок шаарынын педагогдоруна арналган семинар-практикум “Театрлаштырылган оюн-зооктор аркылуу мектеп жашына чейинки бөбөктөрдүн патриоттук сезимин өнүктүрүү, өз чөлкөмүн таанытуу” деп аталды. Ал семинар театралдаштырылган оюн-зоокторду уюштуруунун жардамы менен мектеп жашына чейинки балдарды патриоттуулукка тарбиялоо маселелеринде педагогикалык компетенттүүлүктү жана чеберчиликти жогорулатуу максатын көздөдү.

ТЕАТР - ПАТРИОТТУУЛУККА ТАРБИЯЛАЙТ

Катышуучулар аталган бала бакчанын мугалими Салтанат Чыранованын «Театрдык иш-чаралар орто мектепке чейинки курактагы балдардын патриоттук сезимдерин тарбиялоонун каражаты» деген темадагы докладына күбө болду. Андан кийин баары кыргыз тили мугалими Гүлнара Абдыманапованын даярдоо тобунун балдары менен биргеликте даярдаган Курманжан Даткага арналган театрлаштырылган оюн форматындагы ачык сабагын көрүшүп, жылуу пикирлерин билдиришти.

А.КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер