ТЕҢИРТООЛУК БАЛДАР КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ ЭС АЛДЫ

  • 18.07.2021
  • 0

Нарын районундагы Миң-Булак айыл аймагына караштуу Өрнөк, Миң-Булак жана Куйбышев айылдарынан келген 22 окуучу өспүрүмдөр «Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда 13-июлдан 18-июлга чейин дээрлик беш күн эс алып, сууга түшүп, витаминдүү тамактанып, достошуп, убакытты пайдалуу өткөрүштү.

ТЕҢИРТООЛУК БАЛДАР КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ ЭС АЛДЫ

Райондогу Миң-Булак айыл өкмөтү айыл аймагындагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына такай жардам берип келет.

— Өткөн жылы пандемиядан улам окуучулардын жайкы эс алуусун уюштура алган эмеспиз. Быйыл айыл өкмөтү социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына 50 миң сом бөлүп берди, — дейт демилгечилердин бири, жергиликтүү кеңештин депутаты, соцпедагог Кенжегүл Бектемирова.

Көл жээгиндеги «Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна айрыкча окуучулардын жайкы эс алуусунда жакын арадан, алыс жууктан келип кеткендер көп.

— Лагердин программасы абдан кызыктуу экен. Үч маал берилген тамагы да даамдуу.
Биз мындагы мыкты шарттар үчүн бул борбордун директору Сырткул Осмоновго жана эмгек жамаатына ыраазыбыз, — дейт теңиртоолук балдардын жетекчиси.

ТЕҢИРТООЛУК БАЛДАР КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ ЭС АЛДЫ

Нарындык окуучулардын арасында кыргыз бермети Ысык-Көлгө биринчи жолу келип жаткандары да, экинчи, үчүнчү ирет келгендери да бар.

— Мен көлгө экинчи ирет келдим. Убакыт кантип өткөнүн сезбей жатам. Эс алуу абдан көңүлдүү өтүүдө, — дейт Т. Байсалов атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу Токтосунов Султан.

ТЕҢИРТООЛУК БАЛДАР КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ ЭС АЛДЫ

— А мен болсо, көлдү биринчи жолу көрүп отурам. Аябай кооз экен! Сууга түшкөндү үйрөндүм. Досторум жардам беришти. Эмки жылы да келем буюрса! — дейт Актан Тыныбек атындагы орто мектебинен Шаршеналы кызы Нуржан.

— Мен ушуну менен үчүнчү жолу келдим. Ата-энеме да менин көлдө эс алганым жагат. Күн алыс алар менен телефон аркылуу байланышып турам, — дейт Миң-Булактык окуучу Токтосунов Султан.

ТЕҢИРТООЛУК БАЛДАР КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ ЭС АЛДЫ

Жээк бойлогон ысык кум, таза аба, жылуу жана ден соолукка пайдалуу көл суусу нарындык балдарга абдан жакты.

— Күндө эрте менен көл жээгине келип, көнүгүү жасайбыз. Тамактанып алып, сууга түшөбүз. Ар кандай спорттук оюндарды ойнойбуз, — дейт Актан Тыныбек орто мектебинин 5-классынын окуучусу Шаршеев Бек.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер