ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУНУН ТААСИРДҮҮ АЯНТЧАСЫ ТҮЗҮЛДҮ
- 25.08.2025
- 0
Ош шаарында өткөн билим берүү кызматкерлеринин август конференциясынын жүрүшүндө 12 жылдык системага өтүү шартында мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги аспектилерине, билим берүү кызматтарынын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнө заманбап ыкмаларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чаранын алкагында мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын камтыган 10 мастер-класс өткөрүлдү. Агартуу министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымованын айтымында, катышуучулар ченемдик укуктук базаны өзгөртүү, жаңы киргизилген мамлекеттик билим берүү стандарты, мектепке чейинки балдарда ийкемдүү жана жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүү, көп тилдүү чөйрөнү калыптандыруу, окутууда STEAM ыкмалары, экологиялык билим берүү, жаңы шарттарда билим берүү кызматкерлеринин документ жүгүртүүсү, этномаданий өнүгүү сыяктуу заман талабына шайкеш темаларды талкуулашты.

— Форумдун катышуучуларына 2024–2025-жылдары күчүнө кирген жаңы ченемдик укуктук актылар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аларга жаңыланган ченемдик-укуктук базанын негизги жоболору, ишке ашыруунун жергиликтүү механизмдери көрсөтүлүп, жаңы талаптарга көнүү боюнча практикалык сунуштар берилди.
Баса белгилей кетүүчү жагдай, мастер-класстардын бардык материалдары системалаштырылган жана андан ары окуу практикасында колдонуу жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдору менен жетекчилерин усулдук камсыздоо үчүн республиканын бардык аймактарына жөнөтүлгөн, — дейт башкармалыктын башчысы. Ал бул аткарылган иштер Кыргызстандын эң кичинекей жарандары үчүн билим берүү чөйрөсүнүн сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана заманбаптыгын камсыз кылууга багытталган мектепке чейинки билим берүүнү системалуу жаңыртуудагы маанилүү этап болуп калганын белгиледи.
“Алтын казык – доор өзгөрткөн билим педагогикалык форумдун катышуучусу, “Мектепке чейинки билим берүүдө этностем технологиясын колдонуу” темасы боюнча мастер-класстын спикери Динара Досматова Ош шаарындагы №35 “Асан-Үсөн” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде эмгектенет. Учурда анда 10 тарбиячы, бир кыргыз тили мугалими, эки музыка жетекчилери эмгектенет. Баса, мында иштеген педагогдор республикалык “Жылдын мыкты тарбиячысы” конкурсунда байгелүү орундарды багындырышканы эсибизде. Тажрыйбалуу мыкты тарбиячылар Мээрим Тыныбекова, Махабат Калмаматова жана ошондой эле бакчанын усулчусу Махбуба Салиева республикалык жана шаардык таймаштарда эки жыл катары менен мыктынын мыктысы аталган.

Мектепке чейинки билим берүү тармагында 37 жылдан ашык эмгектенип келаткан тажрыйбалуу тарбиячы Динара Досматова бала бакчадагы балдарды этностем аркылуу тарбиялоонун сырлары менен бөлүштү.
— Менин мастер-классым “Мектепке чейинки билим берүүдө этностем технологиясын колдонуу” темасына арналды. Этностем — бул табигый илимдерди, технологияны, инженердик ой жүгүртүүнү, математиканы улуттук маданият, үрп-адат жана баалуулуктар менен айкалыштырып окуткан заманбап ыкма. Балдар бакчасында этностем аркылуу тарбиялануучулар оюн аркылуу үйрөнөт, элдик кол өнөрчүлүккө, улуттук оюндарына, оймолорго жана каада- салтка жакындан таанышып чыгат. Бул ыкма балдардын билим алууга кызыгуусун ойготот. Мастер-класстын жүрүшүндө биз оюн-зоок тапшырмалар, чыгармачыл долбоорлор, улуттук элементтер жана практикалык тажрыйбалар аркылуу этнотехнологияларды күнүмдүк тарбия иштеринде кантип колдонсо болорун көрсөттүк. Катышуучулар өздөрү да айрым тапшырмаларды аткарып көрүшүп, аябай кызыгышты. Мен үчүн бул чон тажрыйба болду. Айрыкча биздин бакчанын педагогдоруна ыраазычылык билдирем, алар мага даярдыкта да, өткөрүүдө да жардам беришти. Ушундай биргелешкен эмгектин аркасында мастер-классыбыз мазмундуу жана пайдалуу болуп чыкты. Форум мага эң жылуу жана шыктандыруучу таасир калтырды. Ал тажрыйба алмашуучу маанилүү аянтча катары Кыргызстандагы бардык облустардан келген мугалимдерди бириктирди. Ар бир катышуучу өзүнүн иштелмелерин бөлүшүп, баарыбызды бириктирген максат — балдарыбызга сапаттуу билим берүү экенин айкын сезе алдык. Форум педагогикалык коомчулуктун күчтүү экенин жана жаңычылдыкка ачык экенин көрсөттү. Биз жаңы идеяларды алдык, ар кыл региондордон келген кесиптештер менен тааныштык, мындан аркы кызматташуу тууралуу сүйлөштүк. Ар бир катышуучу шыктануу менен жаңы ыкмаларды өз ишине киргизүүгө умтулуп кетти деп ойлойм. Мен өз тажрыйбам менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонума ыраазымын. Ошондой эле кесиптештеримдин колдоосу мага айрыкча дем-күч бергенин баса белгилегим келет. Кесиптештеримдин кызыгуусун жана колдоосун көрүү — мен үчүн кесиптик өсүү гана эмес, сөз менен айтып жеткире алгыс өтө чоң кубаныч. Айрыкча ыраазычылык сөздөрүмдү биздин бала бакчанын директору Аймен Туралиевага билдиргим келет. Иш-чараны уюштурууда жана өткөрүүдө жакындан жардам көрсөтүп, ар бир даярдык баскычына өзгөчө көңүл бурду. Дал ушул колдоонун аркасында мастер-класс жана форумдагы катышуубуз жогорку деңгээлде өттү деп эсептейм. Форумдан кийин жаңы дем, жаңы ой-пикирлер менен кайттык. Мындай иш- чаралар биздин кесиптик өсүүбүзгө гана эмес, команда катары биримдигибизге да чоң түрткү берерине терең ишенемин, — дейт Динара Досматова.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер