ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

  • 28.01.2020
  • 0

Ленин районунун № 96 жалпы орто билим берүү башталгыч класстардын окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары жана усулдук бирикменин жетекчилери үчүн шаардык семинар болуп өттү.

ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

Семинардын максаты — башталгыч класстардын мугалимдеринин иштерин жайылтууну жана тажрыйба алмашууну көздөдү. Семинарда №96, №94, №88 мектептеринин мугалимдери «Окуу жана түшүнүү көндүмдөрү аркылуу математикалык тапшырмаларды чыгаруу» деген темада мастер-класс өтүп беришти.

Ал эми № 96 орто мектебинин башталгыч класстар боюнча директордун орун басары А. Субанбекова, тажрыйбалуу, чыгармачыл мугалимдер: С. Жумашева, Н. Сайнидинова, А.Чупоева «Окуу көндүмдөрүнө таянуу менен математикалык маселелерди чыгаруунун негизги максаттары» деген темада мастер-класс өтүп беришти.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер