ТАЖИКСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮСҮ МЕНЕН ТААНЫШУУ

  • 27.11.2018
  • 0

Ош шаарындагы «Жетиген» мектеп-лицейинин директору Кыялбек Акматов Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы Президентке караштуу лицей менен таанышып жүрөт.

ТАЖИКСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮСҮ МЕНЕН ТААНЫШУУ

ТАЖИКСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮСҮ МЕНЕН ТААНЫШУУ

ТАЖИКСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮСҮ МЕНЕН ТААНЫШУУ

ТАЖИКСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮСҮ МЕНЕН ТААНЫШУУ

ТАЖИКСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮСҮ МЕНЕН ТААНЫШУУ

— Ар бир элден үйрөнчү жакшы жагы болот. Иш сапары менен Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында жүрөм. Президентке караштуу лицей менен тааныштым. Тажикстан боюнча үч тилде билим берген (тажик, орус, англис) жападан жалгыз мектеп экен. Россиядан келген 10 мугалим орус тили жана адабияты, информатика, биология, химия ж.б. сабактарды окутуп жатыптыр (россиялык ыктыярчылар). Билим берүү сапаты биздикинен ашып кетпесе да үч нерсеге бали дедим. 1) Окуучулардын мектеп формалары өтө сонун. Балдар-кыздар бирдей формада, классына карап үч түрдүү галстук тагынышат. Бардык кыздардын чачы тыкан таралып, көкүлдөрү сапсайып бешенесине түшпөй кыстарылып, же бир өрүм кылып артка же алдыга ташталган. Эркек балдардын чачтары да тыкан кыркылган. 2) Окуучулардын өзүн-өзү башкаруусу мыкты жолго коюлган. Идеологияны, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоонун мыкты үлгүсү бар экен. Эсил кайран союздан калган идеологияны өздөрүнө ылайыктап улантып жатышыптыр (октябрят 1-4-класс, пионер 5-9-класс, комсомол 10-11-класс. Албетте, буларда башка аталыш менен), бизде деле бар («Манас», «Семетей», «Сейтек» кошундары), бирок бирдиктүү аракет жок ара жолдо калган түзүм. 3) Эмгек тарбиясынын мыкты берилип жаткандыгы. Кыздарды турмушка даярдоо, кол өнөрчүлүктү үйрөтүүгө өзгөчө басым жасашкадыгы жакшы экен. Булар байкагандарымдын жакшы жактары, үйрөнчү жактары. Ал эми булардын бизден үйрөнчү жактары да абдан көп экен. Баса, мамлекеттик мектеп болгону менен 1 жылда окуусу үчүн 500 доллардын тегерегинде акча төлөшөт экен, — дейт мектеп жетекчиси.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер