ТАЗАЛЫКТЫ САКТОО – КЕЛЕЧЕККЕ КАМКОРДУК

  • 30.03.2021
  • 0

К.И.Скрябин атындагы Техника-экономикалык колледжде санитардык-эпидемиологиялык нормаларды коомдук жайларда, сабак, эс алуу учурларында студенттер жана мугалимдер так сактап, беткап жана антисептик менен камсыз болушу тууралуу окуу жайда өткөн жыйында баса белгиленди.

Окуу-методикалык иштери боюна директордун орун басары Эмилбек Орозбаевдин маалыматы боюнча, грипп болуп ооруган же температурасы көтөрүлгөн окутуучулар же студенттер болсо үйлөрүнө жиберип, сабактарга онлайн катыштыруу зарыл.

— Сабак учурунда жана коридорлордо дагы беткапты чечип алып жүрүүгө болбойт. Эгерде текшерүү учурунда тагынбай жүргөндөр кармалып калышса, 17000 (он жети миӊ) сом штраф салынат. Кезметчи окутуучулар өз милдеттерин так аткаруулары зарыл (колледжге кирип келе жаткандардын температурасын текшерүү, колдорун антисептик менен тазалатуу, беткапты тагынууларын эскертүү). Ошондой эле окутуучулар онлайн жана оффлайн сабактарды өтүүдө жүйөөлүү себепсиз бир дагы сабак үзгүлтүккө учурабоосу зарыл экенин дайыма эскертип жатабыз, — дейт Э.Орозбаев.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер