ТАЗА ТАБИГАТ – МУУНДАРГА АМАНАТ

  • 03.11.2022
  • 0

Баткен облусунун чек арада жапа чеккен 140 аял менен мамлекеттик Коопсуздук кеңешинин секретары, Министрлер Кабинетинин орун басары, министрлер жана эл аралык өнүгүү боюнча өнөктөштөр КР эл аралык уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен  инновациялык ыкма  speed dating ( ыкчам кездешүү) иш-чарасы өтүп жатат. Иш-чаранын үчүнчү күнү Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары Замир Надырбеков “Аврора” санаторийине келип, Баткендин чек арага чектеш айылдарынан келген аялдар менен үч саатка жакын баарлашып, алардын  көптөгөн суроолоруна жооп берди. 

ТАЗА ТАБИГАТ – МУУНДАРГА АМАНАТ

“Роза Отунбаеванын демигеси” эл аралык фондунун пресс-катчысы С.Абдыбек кызынын берген маалыматына таянсак, катышуучуларды төрт топко бөлүп, тренерлер ой жүгүртүү дизайны боюнча сабактарды өтүштү. «Таза табигат — муундарга аманат» ураанынын астында эколог-эксперт Мирлан Дылдаев  «Климаттык курак» оюнуна катышып, консультацияларды берди. Андан тышкары аялдар  адаттагыдай эле арт-терапия, психологиялык терапия жана поэзия терапия иш-чараларына катышты.

ТАЗА ТАБИГАТ – МУУНДАРГА АМАНАТ

Долбоор Швейцария өнүгүү жана кызматташуу агенттиги тарабынан каржыланып, БУУ -Аялдар,  БДА программасы, Ага хан фонду жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер