ТАЗА КОЛДОР- ТАЗА ЖАШОО БУЛАГЫ

  • 03.04.2018
  • 0

Таш-Көмүр шаарындагы №4 Токтогул атындагы орто мектебинде айта кетчү алгылыктуу саамалыктар бир топ. “Ийгилик жетекчиден”, дегендей, 2012-жылдан бери мектептерде окуучуларга “Ысык тамак, таза суу, таза кол” долбоору ишке ашып, окуучулар ысык тамак менен камсыз болууда.

ТАЗА КОЛДОР- ТАЗА ЖАШОО БУЛАГЫ

2017-2018-окуу жылында биздин директор Бөкова Сыйнагүл да тынымсыз иш-аракеттин негизинде долбоор жазып, келечек муундардын ден-соолугуна кам көрүп, ысык тамак ичүүгө чоң салым кошту. Таза суунун түтүктөрүн киргизип, кафелдер коюлуп, Мерсико уюму менен биргеликте иш жүргүзүп, ашканага керектүү  бардык жабдууларды алып келип орнотууга жетишкен. Андыктан окуучуларыбыз ысык тамак менен камсыз болуу менен бирге ысык суу менен жууп, көңүлдүү маанайда. Эми жакында суу, самын жана кагаз, сүлгү берилээри айтылып, “Мерсико” уюму тарабынан келген тренерлер мугалимдерге семинар өтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетишти.

“Жакшы ишти жамаат жаратат” деген улуу сөздө айтылгандай, биздин ата-энелер да кол кабыш кылууда.“Тарбия  үйдөн башталат, мектептен калыптанат”-деп, балдарынын терең билим, адептүү тарбия алып, ден-соолугу жакшы болушуна түзүлгөн шарттарга ата-энелердин жардамы менен иш алдыга жүрүүдө.

Билим берүүнүн тарбиялоодон бөлүп ишке ашыруу мүмкүн эмес болгондуктан, мугалимдер ата-энелерге, окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кир колдор-оору чакыруучу адам денесине кирүүчү эң кыска жол экендиги баарыбызга маалым.

Микробдор жашоодо арбын, өзгөчө жуулбаган мөмө-жемиштерде, таза эмес оюнчуктарда көп кездешет, микробдор организмге кирсе гепатти жана башка жугуштуу ооруларды пайда кылаары жөнүндө ата-энелерге жеткизүү иштери жүргүзүлүүдө.

Баларыбыздын ден-соолугу чың болушу үчүн дайыма алдын алып кайнатылган суу ичүү дааратканадан кийин колду самындап, жакшылап жууш керек экендигине ата-энелер балдарга көз салып турса. Балдарыбызга самын менен дос болууну үйрөтүп, ата-энелер балдарга ылайыктуу шартты үйдөн да түзүп, ысык суу чыгарып, балдарга көңүл бөлсөк деген сунуштарды айтаар элек.

Таза колдор аркылуу оорунун алдын алууга болот.

Урматтуу ата-энелер, таза колдор-таза жашоонун булагы!

Анакеева Жылдызкан, Таш-Көмүр шаары №4 орто мектебинин башталгыч класс мугалими   

Бөлүшүү

Комментарийлер