ТАЗА БОЛСОҢ, СУУДАЙ БОЛ!
- 21.04.2025
- 0
Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин англис тили мугалими Анарбекова Миргүл 6-“А” классына окуучуларды сергек жашоо образына чакырган “Адамдын гигиенасы — ден соолуктун жана сулуулуктун ачкычы” деген темада ачык сабак өттү.
Сабактын жүрүшүндө окуучулар “жеке гигиена” түшүнүгү жана анын ден соолукка тийгизген таасири менен таанышышып, “Ден соолуктун жана сулуулуктун сырлары жана гигиена эмне үчүн керек?” деген темадагы видео көрсөтүлүп, талкуулоо уюштурулду. Талкуулоого төмөндөгү суроолор берилди:
1. Гигиена деген эмне?
2. Өзүңө жана денеге кам көрүүгө жардам берген үч негизги эреже кайсы?
3. Гигиена эмнеден башталат?
4. Колду жууш эмне себептен маанилүү?
5. Колду кайсы учурда сөзсүз жууш керек?
6. Тишке кантип туура кам көрүү керек?
7. Тамактангандан кийин тишти тазалоого мүмкүнчүлүк болбосо эмне кылуу керек?
8. Дененин гигиенасынын негизги эрежелери кандай?
9. Чачыңардын саламаттыгын жана көркүн сактоо үчүн кантип туура кам көрүү керек?
10. Денеңерди түз кармап жүрүү эмне үчүн маанилүү?
Окуучулар талкууга активдүү катышып, гигиена тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.
Рахат ТАГАЕВА, Кара-Көл шаары
Комментарийлер