ТИЛЕК МУРАТАЛИЕВДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН БИЛЬЯРД ТУРНИРИ

  • 15.11.2026

2026-жылдын 14-ноябрда Бишкек шаарындагы “Империал” бильярд клубунда кыргыз элинин сыймыктуу уулу, китеп басма тармагынын чыгаан адиси, Кыргызстандагы китеп чыгаруунун флагманы болуп калган “Турар” басмасынын негиздөөчүсү, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын жазуучулар бирикмесинин башкы катчысы,  “Даңк” медалынын ээси, меценат Тилек Мураталиевдин жаркын элесине арналган бильярд боюнча эл аралык VII турнири курч мүнөздө атаандаштык маанайда өттү.

ТИЛЕК МУРАТАЛИЕВДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН БИЛЬЯРД ТУРНИРИТурнир башталаар алдында  уюштуруучулар жана катышуучулар  Тилек Мураталиевге багышталып, куран окутулуп, эскерүү болду.

Мелдешке Кыргызстан жана Казакстандан тандалган  16 бильярд чебери катышты.

ТИЛЕК МУРАТАЛИЕВДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН БИЛЬЯРД ТУРНИРИБыйылкы жетинчи ирет өткөрүлгөн турнирдин ардактуу мейманы катары бильярд боюнча дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү, дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, жабык имараттагы Азия оюндарынын чемпиону, эл аралык спорт чебери Ызат Ратбеков катышып, мелдештин катышуучуларына мастер класс көрсөтүп, чеберчилигин далилдеди.

“Турар” басмасынын жетекчиси Улан Мураталиев турнирдин Ардактуу мейманы болгон Ызат Ратбековго   “Тилек Мураталиев атындагы “Доор инсаны”-  медалын, “Турар” басмасынан чыккан китептерди жана баалуу белектерди тапшырды.

ТИЛЕК МУРАТАЛИЕВДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН БИЛЬЯРД ТУРНИРИ10 сааттан ашуун курч таймашууларга күбө болдук.   Биринчи орун үчүн финалда  “Турар” басмасынын жетекчиси Улан Мураталиев  менен «Креатив-Таалим билим берүү комплексинин  финансы директору Улан Алтымыш уулу  беттешип, Улан Алтымыш уулу чеберчилигин көрсөтүп, Гран-При баш байгени “Тилек Мураталиевдин түстүү сүрөтү түшүрүлгөн Чоң  Хрусталь Кубогун,  биринчи даражадагы Диплом, алтын медаль жана акчалай сыйлыкты жеңип алды.  Улан Алтымыш уулу былтыркы турнирдин дагы чемпиону болгон.

ТИЛЕК МУРАТАЛИЕВДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН БИЛЬЯРД ТУРНИРИЭкинчи орунга Улан Мураталиев  ээ болуп, күмүш медаль, экинчи даражадагы диплом, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Байгелүү үчүнчү орун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ардагери, полковник Асылбек Оморовго ыйгарылды.

ТИЛЕК МУРАТАЛИЕВДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН БИЛЬЯРД ТУРНИРИЖеңүүчүлөргө сыйлыктарды быйылкы  турнирдин демөөрчүлөрү  Тилек Мураталиевдин  аталаш туугандары  Догдурбек Сыдыгалиев, Канат  Дайырбеков, Улан Алтымыш уулу жана башкалар  тапшырышты.

ТИЛЕК МУРАТАЛИЕВДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН БИЛЬЯРД ТУРНИРИМаркум Тилектин бир туугандары быйылкы турнирди уюштуруп, акчалай сыйлыктарды берип, кыргыз элинин меймандостугун, ынтымагын көрсөтүп, демөөрчү болгон аталаш туугандарына терең ыраазычылыгын билдиришти.

ТИЛЕК МУРАТАЛИЕВДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН БИЛЬЯРД ТУРНИРИ-Мелдештин деңгээли жыл сайын жогорулап баратат. Быйыл Казакстандан келген бильярд чеберлери байгеге илинбей калышты. Кызыктуу курч таймашууларга күбө болдук. Ушундай турнирлерде мыктылар сыналат. Айрыкча былтыр да чемпион болгон Улан Алтымыш уулу быйыл дагы баш байгени жеңип алганы чеберчилигин айгинелейт. Улан дагы жакшылап машыкса, эл аралык турнирлерге катышып, өлкөбүздүн намысын коргоого мүмкүнчүлүгү бар экен, -дейт мелдештин калысы, Кыргызстандын үч жолку чемпиону, спорт чебери Мирлан Абдыкаров.

-Тилек досубуз эл достугуна көпүрө болгон, достукту туу туткан керемет жан эле. Аны каза болду деп айтканга ооз барбайт. Анткени анын артында өлбөс-өчпөс эмгеги, мурасы калды. Бул жакка турнирге келээр алдында түшүмө кирип, экөөбүз бир жакка саякатка чогуу бараткан экенбиз. Бул жашоодо көп эле дос күттүм. Баары бир тең, Тилек досум бир тең эле. Эстеген сайын кабыргам кайышып кетет. Бүгүн апамдын 70 жашка чыккан тоюу Кордайда болуп жатыр. Мен апамдын мааракесине эмес, атайын Тилек досумдун жаркын элесине арналган турнирге келүүнү артык көрдүм. Жыл сайын Казакстандын тандалган бильярд чеберлерин жетектеп келип жүрөм. Бирок, быйыл байгеге илинбей калдык. Мурдакы жылы Тилек досумдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирди Кордайда өткөрдүк эле,-дейт казакстандык коомдук ишмер Куат Иманалиев.

ТИЛЕК МУРАТАЛИЕВДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН БИЛЬЯРД ТУРНИРИ“Даңк” медалынын ээси, маркум Тилек Мураталиев көзү тирүү болсо быйыл 16-ноябрда 66 жашка чыкмак.

Тилек Мураталиев канчалаган китептерди бекер чыгарып, айрым акын-жазуучуларга калем акы бергени, далай кайрымдуулук, демөөрчүлүк иштерди аткарганы эле анык айкөл, жоомарт экенин далили. Мындан тышкары «Ала-Тоо» жана «Литературный Кыргызстан» журналдарын да өз каражатына чыгарып келген. Кыргызстандагы эң сапаттуу толук түстүү журналдардын, китептердин көбү «Турар» басмасынан чыгып, өлкөдөгү басма тармагынын бренди, туу чокусу болуп калган эле.

Чыныгы меценаттыкты, демөөрчүлүктү Тилек чыгармачылыкка карата көрсөтүп, башкаларга өрнөк, үлгү болгон эле. Чыгарма, эскерүү, мемуар жазган канча адамдын ажаатын ачып, китебин бекер же арзан чыгарып, канча деген мыкты чыгармаларды жарыкка чыгарып, кыргыз маданиятынын, адабиятынын бийиктиги болгон «Ала-Тоо» журналын өз демилгеси менен 10 жылдан ашуун убакыттан бери чыгарып, акын-жазуучулардын, калемгерлердин ыраазычылыгын, батасын алып турган. Анан дагы балдар үчүн таанып-билүү, илим-билим, таалим-тарбия алуучу мыкты журнал чыгарсам деген ой-тилеги да бар эле.

ТИЛЕК МУРАТАЛИЕВДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН БИЛЬЯРД ТУРНИРИ«Турар» басмасынан көркөм-адабияттар, илимий-популярдуу басылмалар, балдар үчүн жомоктор, журналдар жана башка чыгармалар жарык көрүп, элдин купулуна толуп, макталып да, даңкталып да келди. Бир гана Кыргызстанда эмес, Чыгыш Азия, КМШ, Түркия жана башка өлкөлөр менен өнөктөшүп, эл аралык кызматташтыкты өрчүтүү менен китеп көргөзмөлөрүнө катышып, алдыңкы номинацияларды, сыйлыктарды алып, өз жүзүн көрсөтө алды.

Кыргыз улуттук адабиятын колдоо жана өнүктүрүү, эгемен өлкөбүздүн адабиятында жаңы толкун пайда кылып, жаш таланттардын тушоосун кесүү максатында Тилек Мураталиевдин демилгеси менен Чыңгыз Айтматовдун Эл аралык «Ысык-Көл» форумунун колдоосу алдында «Турар» басмасы жана «Ала-Тоо» адабий журналы 2011-жылы мыкты прозалык, поэзиялык чыгармаларга, котормолорго республикалык «Арча» сыйлыгынын сынагын жарыялаган. Аталган «Арча» адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана 100 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылып, кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылып, адабий саамалыктарды даңазалаган эле.

Ал лауреаттардын арасында Кыргыз эл акыны жана романчы Акбар Рыскулов,  Кыргыз Эл жазуучусу, тарыхчы Арслан Койчиев, акын, жазуучулар Абдыкерим Муратов, Бейшебай Усубалиев, Сергей Степанов, Жыргалбек Касаболотов, Керимбек Кадыракунов, Мырзаян Төлөмүшов жана башкалар бар.

ТИЛЕК МУРАТАЛИЕВДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН БИЛЬЯРД ТУРНИРИТилек Мураталиевдин демилгеси менен кыргыз элинин көөнөрбөс көркөм байлыгы «Манас» эпосун Саякбай Каралаевдин, Тоголок Молдонун, Уркаш Мамбеталиевдин айтуусунда, «Семетей» эпосун, Буудайбек Сабыр уулунун «Кыргыз эл жомокторун», Ч. Айтматовдун «Тоолор кулаганда», Казат Акматовдун «Тринадцать шагов», Б.Жакиев, Э.Турсунов, М.Абакиров, К.Сыдыкова, Ф.Абдалова, Ж.Жапиев, М.Мамазаирова, А.Саспаев, А.Көлбаев, А.Карыбаев, М.Төлөмүшов, Ж.Саалай жана башка көптөгөн акын-жазуучулардын китептерин жогорку сапатта бекер жана арзан чыгарып, аларга калем акы да бергени бар.

Ал адамгерчилиги бийик, кайрымдуулугу өтө жогору инсан болгон. Жетим балдар үйүнө 20 жылдан ашуун, Улуттук жазуучулар союзуна 10 жылдай акчалай колдоо көрсөтүп келген. Ошондой эле коронавирус менен күрөшүүдө өз демилгеси менен акчалай жардам берип турган.

Жаратылыштын кырсыгы — жер титирөөдөн жапа чеккен Кочкор районунун элине материалдык чоң көмөк көрсөтүп, элин сабырдуулукка, токтоолукка, чыдамдуулукка чакыруу менен калайык-калкына дайыма тынчтыкты, бейкутчулукту тилеген алдыңкы уулдарынын бири болгон. Тилек жалгыз эле бир туугандарына эмес, досторуна, жакшы санаалаштарына өтө күйүмдүү, боорукер, мекенчил адам эле.

ТИЛЕК МУРАТАЛИЕВДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН БИЛЬЯРД ТУРНИРИБелгилүү басма ишкери Тилек Мураталиев 2020-жылдын 20-августунда жүрөк оорусунан көз жумган эле. Ал 1960-жылы 16-ноябрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Тилек Мураталиев Кыргызстандагы басма иши боюнча жигердүү ишмердиги үчүн 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 2016-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган. Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун жооптуу катчысы кызматын аткарган.

Тилектин жаркын элеси, жаратмандык эмгектери элдин эсинен эч качан унутулбайт!

Кабыл Макешов,

 Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, турнирдин башкы калысы

 

Бөлүшүү