ТАЙЫР КЫЗЫ НУРГҮЛ: “АЗЫРКЫ МЕКТЕП КАНДАЙ МУГАЛИМДИ КҮТӨТ ?”

  • 31.03.2021
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Курманжан Датка Ош лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нургүл Тайыр кызы студенттер менен жолугушту. Ал аталган окуу жайдын сыймыктуу бүтүрүүчүсү жана Президенттик “Үмүт” стипендиясынын ээси.

ТАЙЫР КЫЗЫ НУРГҮЛ: “АЗЫРКЫ МЕКТЕП КАНДАЙ МУГАЛИМДИ КҮТӨТ ?”

Нургүл Тайыр кызы, студенттерге ар бир өтүлүүчү сабактын планын түзүү, сабак өтүү ыкмасы, заман талабына шайкеш келген мугалимдин портрети ж.б. жөнүндө маалымат берди.

Ошондой эле мугалим болууга азыркынын талаптары, шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу студенттер менен талкуу уюштурду.

ТАЙЫР КЫЗЫ НУРГҮЛ: “АЗЫРКЫ МЕКТЕП КАНДАЙ МУГАЛИМДИ КҮТӨТ ?”

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмү жана Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер