ТАЙИР АГАЙДЫН АЧЫК САБАГЫ

  • 08.02.2023
  • 0

Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Тайир Аширбай «Жоомарт Бөкөнбаевдин «Чептен эрдин күчү бек» поэмасынын тарбиялык мааниси» деген темада ачык сабак өттү.

ТАЙИР АГАЙДЫН АЧЫК САБАГЫ

6-«А» класстын окуучулары «Максат» жана «Мазмун» топторуна бөлүнүшүп, чыгарманын тарбиялык маанисин чечмелеп беришти. Поэмадагы карыянын даанышмандыгы, эненин боорукерлиги, баланын мекенчилдиги жөнүндө айтып өтүштү. Сабакка үндөш ыр саптары, макал-лакаптар жаңырды.
Сабак соңундагы талкууда Айгүл Рысова,  Акмөөр Ерматова, Алтынай Хамракулова жана Севара Паттаева сыяктуу мугалимдер сабактын өз максатына жеткендигине токтолушту.
Окуучуларга «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» деген аталыштагы дилбаян жазып келүү тапшырмасы берилди.

Азада ТУРДАЛИЕВА, Лейлек району

Бөлүшүү

Комментарийлер