ТАТЫКТУУЛАР ТАЙМАШУУДА

  • 03.10.2023
  • 0

Бишкек шаарындагы 5 А.Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия комплексинде “Жылдын мыкты мугалими-2023”, “Жылдын мыкты тарбиячысы-2023” жана “Мектептен тышкаркы билим берүүнүн мыкты мугалими” конкурсу жүрүп жатат.

Эки тур менен өтүүчү конкурс 5-октябрь – Мугалимдердин кесиптик майрамында жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылат.

Бүгүн-эртең конкурсанттар үчүн эң жооптуу жана эң толкунданткан учур, анткени алар бар билгенин калыстар тобунун жана жалпы эле күйөрмандардын алдында көрсөтүп беришет.

Быйылкы конкурста мектептен тышкаркы кошумча билим берүү адистери, тагыраак айтканда, мугалимдер катышып жатканы кубанычтуу көрүнүш. Алар да буга чейин райондордо, шаарларда жана облустарда өткөн биринчи турда билген билимин жактап, мыктылардын мыктысы болуп алдыга чыгып келген мугалимдердин катарында.

Ары толкунданып, ары апкаарып жаткан конкурсанттарды кепке тартуу кыйын болгонуна карабай, конкурска  катышып жаткан үч агайдын бири — Кара-Көл шаардык балдар чыгармачылык үйүнүн “Робототехника” ийриминин жетекчиси Дастан Калпакбаевди кепке тартканга үлгүрдүк. Ал 28-сентябрда Жалал-Абадда өткөн “Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мыкты мугалими- 2023” конкурсунда баш байгесинин ээси болгон.

Анын айтымында конкурска жалпы облус боюнча  14 конкурсант катышкан. Алар адаттагыдай эле конкурстун негизги программасында өзүн-өзү тааныштыруу, электрондук усулдук кейстердин варианттарын, көргөзмөлүү ачык сабактын фрагментин көргөзүү сыяктуу тапшырмаларды аткарышкан.

Дастан Калпакбаев ачык сабакты өтүүдө, электрондук кейстерди түзүүдө, өзүн-өзүн таныштырууда эң жогорку балл менен алдыга оозуп чыкты. “Блок менен программалоо. Scratch программасында блоктоп көрсөтүү” темасын ачкан конкурсант 30 мүнөттүк фрагмент көрсөтүп, сабактын акырында лего-элементтери менен бургулоочу машина жана оор жүк көтөрүүчү машиналарды курап, программа киргизип өз функцияларын аткартууга жетишкен. “Билим – өлкөнү өнүктүрүүдөгү абдан чон инвестиция жана кыймылдаткыч күч. Билим — ийне менен кудук казгандай» — деген накыл сөзгө толугу менен макул боло алам. Анткени, канчалык терен билимге ээ болсон, ошончолук көп адамдын калыптануусуна жана өнүгүүүсүнө себеп боло ала тургандыгыма ынандым,” – дейт Дастан агай.

ТАТЫКТУУЛАР ТАЙМАШУУДА

Д.Калпакбаев  Шопоков атындагы №4 мектепте, БЧҮдө иштөө менен эле алек болбостон “Келечек үчүн билим” долбоорунда тренер болуп облустук деңгээлде иш алып барат. Жаш мугалим учурдун талабы болгон мугалимдердин МКТ боюнча билимин өркүндөтүү боюнча мектептерде мугалимдерди окутуп жатат.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер